2024-жылдын 22-июлунда Москванын түштүк-батыш аймагындагы соода борборлорунун биринин алдында кызга бычак урган кыргызстандык жигит кармалды. Орусиянын Тергөө комитетинин Телеграм-каналы маалымдагандай, 2001-жылы туулган кыргызстандык жигит кыз менен пикири келишпей калып, ага кеминде 3 жолу бычак урган. Жабыркаган кыз дароо ооруканага жаткырылган. Ал дагы кыргызстандык экени, бирок орус жарандыгын алганы маалымдалды. Айрым орус маалымат каражаттары жабыр тарткан кыз бычак урган жигиттин келинчеги болгонун жазды.
Бул факт боюнча орус полициясы «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө комитети ишти көзөмөлгө алганы маалымдалды.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады
Чет жердеги журтташтар!
Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
#MigrantMediaCentralAsia #shorts #мигранты #россия #новости #москва
16 окт 2024