Москвага жумуш издеп келген Айбарчын Шамшиева эми акыйкаттык издеп чыкты. “Ак жерден күйгүзүп, мени депортация кылууну көздөгөн укук коргоо кызматкери жазасыз калбашы керек”, - дейт Айбарчын ишенимдүү. Айбарчынды полиция кызматкерлери 23-апрелде жолдошу жана батирде чогуу жашаган адамдар менен бирге камакка алышкан. Таң атпай күтүүсүз кирип келген “коноктор” чет элдик жарандарга документтерин толуктап алууга мүмкүндүк беришкен эмес.
Originally published at - www.azattyk.org/media/video/26...
3 май 2015