Тёмный

Мукай Элебаев | Кыйын кезең | аудио китеп 

Төрөкул Дооров
Подписаться 23 тыс.
Просмотров 51 тыс.
50% 1

Бир башкача бурулуш кезеңде жашап жатабыз. Бул жыл жеке мен үчүн аң-сезимимде көп бурулуштардын жылы болду. Тарыхка, нарк-насил, улуттук баалуулук, элдик мүнөз, эркиндик жөнүндө көп ойлондум. Буга ааламдагы тынчсыздык, согуштар да таасир этти окшойт. Биз ким элек? Бул күнгө (анын жакшысына да, жаманына да) кантип келип калдык? Аталар биздин бүгүнкү жыргалыбыз үчүн эмнеден кечишти? Эмнени жоготушту? Анын баркы азыр сезилеби?
Ушул өңдүү толгон-токой суроолор жыл өткөн сайын көп ойлондура баштады. Жашым өйдөлөп баратканынын белгисидир деп койдум. Кантсе да өзүбүздүн кечээги тарыхыбыз бүгүнкү опур-топурга жык толо жашообузга таасирин берип жаткандай сезим мени кое бергидей эмес. Ошондон улам быйыл мен элдин жакынкы эле тарыхына байланыштуу бир топ маанилүү чыгармаларды окуй алдым. Алардан алчу сабак көптөй туюлат. Ошолордун маанилүү мисалдарынын бири - Мукай Элебаевдин чыгармачылыгы. Назарыңыздарга залказыбыздын «Кыйын кезең» деген аңгемесин сунуштайм. Кытайга качкан кыргыз кайра элине кайткан жылдары өз айылын тааныбай, орустун «переселенецтеринин» салган жаңы үйлөрүн, короосу толо каз-өрдөгүн, арыктарда оонап жаткан чочколорун көрүп, оруска малай болуп иштеп калганда эмнени ойлоду? Угуп, пикир калтырыңыздар.
Автор: Мукай Элебаев
Окуган: Төрөкул Дооров
Музыка: Асылбек Насирдинов - «Ак Мактым»
Сүрөт: Жамбул Жумабаев - «Татаал жылдар»

Опубликовано:

 

27 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 122   
@arzykanmusalieva8857
@arzykanmusalieva8857 8 месяцев назад
Туугандар, бир нерсени жакшы түшүнүп алалы, ушул мезгилден 1 кылымдан ашык убакыт өтүптүр, дагы эле орустар га жакшы төлөйт деп ,,малай" болуп жүрөбүз. Бул ачуу чындыкты моюнга алалы. Мына, Базарбай айтып жатат го орустарга кылгандай жумушту өзүбүз үчүн кылсак өзүбүз да жыргап жашап кетмекпиз деп. Эмне үчүн кылбайбыз, жалкообуз. Окуп, изилдеп, өндүрүш кылсак болот го. Өзүбүздүн өлкөдө тытынып окуп, иштесек болбойбу
@АйымБактыбековна
@АйымБактыбековна 8 месяцев назад
😍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@ДосболовШайырбек
@ДосболовШайырбек 8 месяцев назад
Болот, сен ишкана ачып адамдарды иштетсең эч ким алыска кетпейт..
@KggKgg-jt2wc
@KggKgg-jt2wc 6 месяцев назад
Озунун оюн айтып коютур да тушунуп тушунбой...
@НурмухамедКубатбеков-ц5ъ
Жакшы ниет жарым ырыс келечек биздин колдо аракетте берекет Насип кылса олкобуз Кыргызстан онугуп келатат баары жакшы Болот Ким элэ каалайт дейсинер окууну бутуп элэ мигрант боло калышты
@УланАбдыкадыров
@УланАбдыкадыров 4 месяца назад
Баары эле сендей байкаса жакшы болмок. Бирок... Коч бара-бара туздолот дегендей озгорулчу тарапка ооп баратабыз. Мигран болуу бул конумуш адатка айланып кетпесе болду.
@А.Р.ДКР
@А.Р.ДКР 2 месяца назад
Орустарга дагы деле кул болуп журобуз 😢 кайран эл
@ОктомАбдулаева
@ОктомАбдулаева 9 месяцев назад
Чыгарманын аты айткандай , угуп жатып ушунчалык буулуктум, оч алгым келет ....бирок кимден . Кайратынан , сабырынан Кыргыз элим . Ата бабаларыбызга таазим . Кыргыз мамлекетин туптоп , жерибизди мурас кылган .Торокул иним чоон рахмааат. Жума маарек болсун.
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
🙏
@СайракеДуйшеналиева
@СайракеДуйшеналиева 8 месяцев назад
Ф
@MiraidaAsanova-xi3us
@MiraidaAsanova-xi3us 7 месяцев назад
Акыл эстуу болушубуз керек орусча суйлобой мамлекет учун куйуп
@Аиша-у5в
@Аиша-у5в 8 месяцев назад
Чоң рахмат. Мектепте окуганда мынчалык маани берген эмесмин эми угуп аябай таасирлендим. Кайран элим канча кыйынчылыктарды башынан өткөрдү 😢
@DoorovT
@DoorovT 7 месяцев назад
Туура. Көп маанилүү чыгармаларды адам убакыт өткөрүп окусаң, башкача кабылдайсың. Рахмат!
@ЛарисаБошмаюнова
@ЛарисаБошмаюнова 8 месяцев назад
Кандай жагымдуу жасалмасы жок,көркөм окуу!!!
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Рахмат чон!🙏
@ГулзиияСулайманова
@ГулзиияСулайманова 9 месяцев назад
Рахмат Торокул. Бечера кыргыз куурап эле журушкон экен да.Уркундо аябай кырылып ошон учун аз болуп калдык та. Жараткан жардам берип бир гулдогон , эч кимге, бир Кудайдан башкага коз каранды болбогон мамилекет болсок экен!
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Айтканыңыз келсин!
@АйымБактыбековна
@АйымБактыбековна 8 месяцев назад
🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻
@MiraidaAsanova-xi3us
@MiraidaAsanova-xi3us 7 месяцев назад
Балдарынын Тилин орусча чыгарып кыргыз тилди кем коргон манкурттарга сабак болчу чыгарма экен балалыкта окудум эле Эми кайра окуп жатам
@ИсхакИбраш
@ИсхакИбраш 8 месяцев назад
Кобуроок китептерди чыгарыныз Элдин козун ачып сабатын жогорулатууга кошкон салымынызга Аллах ыраазы болсун
@lmn810
@lmn810 4 месяца назад
арыбаңыз! абдан сонун уккулуктуу кылып окуп бериптирсиз, рахмат
@maralbotobekova3793
@maralbotobekova3793 4 месяца назад
Жаш кезимде окуп көп түшүнгөн эмес экенмин көрсө, бүгүн угуп жакшылап түшүндүм, Эмне үчүн кыргыздар Алай тоолору,Нарын тоолорунда жашап калганын Ак падыша күнөөлүү турбайбы, Ленин атабызга рахмат,Улуу революция, төңкөрүш кылбаганда кыргыз жок болуп кетсе керек кайран эл, эмне үчүн биз тоодо жашап , Өзбек,дунган ,орус, немец эли Кыргызстандын борборлорун ,тегиз жерлерин ээлеп жыргап жашаган деп ойлоно берчүмүн,авторго ыраазычылык, Төрөкул иниме рахмат ❤
@АкжолтойАкжолтой-е2ш
@АкжолтойАкжолтой-е2ш 9 месяцев назад
Мен Ыйладым Гоздон Жашым Токтобой Айланайын,Кыргызым,,Ардайым Бар Болсун Аллахым Чексиз Мээрим Токсун Элиме 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲⭐🌙🕋🌎♥️
@temish_sport
@temish_sport 8 месяцев назад
Койчай аллах кантип коргойт жаратылган нерсеге эмес ,Жаратуучуга сыйынсанар боло.
@ЕкатеринаСоколова-н5т
@ЕкатеринаСоколова-н5т 8 месяцев назад
Айдын он беши карангы болсо,он беши жарык. Кыйналып журуп ,республикабызды тузуп алганыбыз ......
@mederbeknurmatov5046
@mederbeknurmatov5046 9 месяцев назад
Байкуш кыкем ушул азаптын баарын унутуп азыр бирбиринин мурдун талкалашат.
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Эң коркунучтуусу, аянычтуусу ушул болуп жатпайбы...
@БекиИнгушский
@БекиИнгушский 8 месяцев назад
оз мекенине зар болуп жургондорун ойлоп кыжалат болдум,....кытайдагы Афган, Индия, жактагылар, Памирдеги жапайы болуп калган байкуштарчы, жолдо карышкыр жеп, ачкадан, оорудан олгондоручу.......кайран эл...Димаштын ыры так ошол уркундогу казак менен кыргыз жонундо эмеспи.... ......абдан сонун окудун Торокул балам, абдан сонун ( как всегда ), рахмат сага ...
@MiraidaAsanova-xi3us
@MiraidaAsanova-xi3us 7 месяцев назад
Жок дегенде он миллион болмокпуз да азыр 😢
@НурикКудашов
@НурикКудашов 3 месяца назад
Мен орусия жарандыгын алгым келчу , анан уркун, репресия, узак жол , маркумдар уну ушул сыяктуу китептерди окууп ойуман кайтым , азыр кыргызстандан алыстамын , аябай сагындым , кыргызстандын кадырын билиш учун алышка чыгыш керек окшойт
@Адилжанович
@Адилжанович 8 месяцев назад
Диктор азаматсын, бир дем мн уктум, кандай залкаар жазуучуларыбыз бар
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Рахмат пикириңиз үчүн!
@Мээрим-щ1ц
@Мээрим-щ1ц 8 месяцев назад
Өтө жакшы окуптурсуз. Угуп жатып көз алдымда кино болуп жаткандай болду
@aimy95maratovna45
@aimy95maratovna45 8 месяцев назад
Куштти ангмени тындай бастадым,рахмет❤
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Пікіріңіз үшін көп рақмет!
@aimy95maratovna45
@aimy95maratovna45 8 месяцев назад
Толык тындап шыктым асерли керемет шыгарылым екен,мен жумыстта журипте уйде отырыптта тындай беремин казирги уакытта Кыргзша китаптарга кызыгып тындап журмин
@arzykanmusalieva8857
@arzykanmusalieva8857 8 месяцев назад
Өз тарыхын билбеген кыргызды азыр табыш оңой эле, чекеден чыгат
@rafshansamidinova5067
@rafshansamidinova5067 8 месяцев назад
Аллах ыраазы болсун,Тарыхыбызды билишибиз керек .бул чоон чындык ,
@azamattokbaev5965
@azamattokbaev5965 8 месяцев назад
Торокул мырза сизге чон рахмат.
@lensallaga6202
@lensallaga6202 8 месяцев назад
Кыргыз Кыйналып эле журот Тарыхта бир дагы жолу Биригип бирдиктуу хан болбоптур😢😢 Ынтымагы жок эл экенбиз Менин айылдашым Кайактансын Сен тиятан мен бияктан Сен андай суйло мындай суйлойсун Биз Кыргызстанбыз деген Адам жок😢
@Baiel-k3f
@Baiel-k3f 7 месяцев назад
Абдан уккулуктуу окуптурсуз, талантынызга таазим этип, Ысык - Көлдөн салам жолдойм
@PATRIOTIZMA
@PATRIOTIZMA 8 месяцев назад
Азыр деле кулдай иштеткиси бар мен Москва да 6 жыл болду алардын мунозун билем эч нерсеге ишенбеген кудайсыздар барчу жери алыс эмес
@ainurakasieva6071
@ainurakasieva6071 9 месяцев назад
Кенсууда чонойгом,азыр Тупто жашайм мага жакын чыгарма экен 👍👍👍
@АдалатЗупуева
@АдалатЗупуева 9 месяцев назад
Рахмат көөптөн бери күтүп жаттым эле.
@KanykeiJanuzakova-bs3wx
@KanykeiJanuzakova-bs3wx 8 месяцев назад
Мектепте окуп жүргөндө окуп, зээним кейип бир ыйлап кайгырдым эле😢. Кино көргөндөй элестетип угуп олтурдум жашоо ,тагдыр . Жакшы чыгарма . Ыраазычылык. 🎉
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
🙏
@MiraidaAsanova-xi3us
@MiraidaAsanova-xi3us 7 месяцев назад
Журогум сайышып ооруп чыкты ай кыргыздарым ай ушунча кундорду коргозсо да жунбаштарды мактап балдарын орусча суйлотуп уйроткон
@АйнашТурдубайкызы-й4р
@АйнашТурдубайкызы-й4р 8 месяцев назад
Биз азыр деле орустардын кулу болуп журбойбузбу жада калса уйуно кирип уйун жыйнап тамагын жасап унитазын тазалап болбогон акча деп олуп калбайлы кара курсак тойсо болду деп! Бирок оны озубуз мойунубузга алгыбыз келбейт! Бирок бул ачуу чындык 😢
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Ошол да. Азырга чейин өлкөнү өнүктүрө албай, элдин баарын иш үчүн чар тарапка качырып жүрөбүз да.(
@гулирамолдобаева
@гулирамолдобаева 8 месяцев назад
Ошон учун КР деген мамлекетибиз эркиндигибиз бар. Ошого суйунуп кыргыздар ынтымактуу бололу... Ынтымакты бузган ойдокулор кызмат талашып элди болуп тундук туштук уруу уруу кылып....Качып кеткен ууру ажоолор аны коштогондор....канча байлыкты уурдап кетишти.....
@Эля-ч3ы
@Эля-ч3ы 9 месяцев назад
Образга кирип эн сонун окуйсуз китеп окуп отурганга убакыт жокто сонун мумкунчулук. Убактынызды аябай биз учун окуп бергенинизге чон рахмат
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Рахмат жылуу пикириңизге!
@levelup4103
@levelup4103 9 месяцев назад
Торокул иним чон рахмат
@ШурикАлишеров-в7ч
@ШурикАлишеров-в7ч 9 месяцев назад
Рахмат иним баракелде ото уккулуктуу окуйсун Эгер мумкунчулук болсо Сагындык Омурбаевдин ТЕЛЕГЕЙ аттуу чыгармасын окуп берсен
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Рахмат чоң!
@БаткенМаркет-м2з
@БаткенМаркет-м2з 9 месяцев назад
Чоон рахмат
@АлайАлайбек-в9я
@АлайАлайбек-в9я 7 месяцев назад
Жаштар билбейт ушул нерсени баары орусчалап айрыкча кол чуй Бишкек шору жок элбизда озу
@roza63ukueva71
@roza63ukueva71 9 месяцев назад
Ушунчалык унун уккулуктуу, корком! Жаны чыгармага рахмат! Ийгилик, Жаны Жылын менен, Торокул!
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Рахмат! Жаңы жылыңыздар менен!
@ЛуизаАйдаркулова
@ЛуизаАйдаркулова 5 месяцев назад
👏👏👏
@davlesbaktiiarov2984
@davlesbaktiiarov2984 8 месяцев назад
Ээң соонун формат. Кыргыздын китептерин даагы ушундай кылып койсо жумушта отуруп угуп койот элек. Кайдан тапса болот?
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Рахмат пикириңизге! Азыр ушул ютубда кыргызча аудио китептер көбөйүп калды. "Аудио китеп" деп издесеңиз чыгат.
@davlesbaktiiarov2984
@davlesbaktiiarov2984 8 месяцев назад
@@DoorovT жеңил эмес ишиңизге ийгилик. Сынган Кылыч, Көк-Асаба, Чынгыз Айтматовдун китептерин баарын киргизиш керек.
@Бектурпапло
@Бектурпапло 8 месяцев назад
Аттин аай бул бул каапырлар нечен кыргыз бир тууганыбызды кодогон тура ошол кордуктан чыгарган Аллага шугур Ата бабабызга таазим
@Боки-ю5р
@Боки-ю5р 9 месяцев назад
Рахмаат Төрөкул иним. Абдан сонун жеткиликтүү кылып окудуң. Жаңы жылың менен. Ден-соолукта бол.! Сооронбаеванын повестеринен окуп берсең сонун болмок.
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Рахмат! Зуура Сооронбаеванын чыгармаларынанбы? Буюрса, окуйм.
@Боки-ю5р
@Боки-ю5р 9 месяцев назад
@@DoorovT Рахмат күтөбүз!
@nuralievamariay
@nuralievamariay 9 месяцев назад
Чоон рахмат унунорго береке❤❤
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Рахмат!
@Baizet_Egemberdiev
@Baizet_Egemberdiev 5 месяцев назад
УЗАК ЖОЛду окуп бутуп Кыйын кезенге келгенде башым айланып калды неге экоо эки башкабы?
@DoorovT
@DoorovT 5 месяцев назад
Туура байкаган экенсиз. Экөөндөгү тема бірін бірі толуктап турат.
@АкжолтойАкжолтой-е2ш
@АкжолтойАкжолтой-е2ш 9 месяцев назад
Аллах Аллахым Аллахым Аллах Бугундон Баштап Ээээээч Качан Чексиз Мезгилге,Кыргызым,,Кор болбосун 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲⭐🌙🕋🌎♥️
@диляАтпь
@диляАтпь 9 месяцев назад
Оо Торо рахмат алтышка, выходной куну угуп жатам ❤❤
@МишаНасипов
@МишаНасипов 8 месяцев назад
Бир туугандар. Баары жакшы. Көркөм окуганы. Чыгарма жакшы. Болгону туура окуп жээ туура жазылса жакшы болмок. Таш менен эчким эч убакта АТКАН эмес. Таш менен урат жээ согот.
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Саламатсызбы! Пикириңизге рахмат! "Таш атуу" деген сөз айкашы кеңири эле колдонулат тилде. Муну бир гана кыргыз эмес, түрк тилдүү башка улуттардын адабиятынан да (казак, өзбек, татар) жолуктургам. Мукай Элебаев да ошол үчүн жазган болуш керек.
@Basmachy996
@Basmachy996 9 месяцев назад
Рахмат чоон! каналдан кундо жаны чыгарма кутмой болдум го качан жуктолот экен деп.
@azamattokbaev5965
@azamattokbaev5965 8 месяцев назад
Азыр деле эчнерсе озноргон жоктой, откондо коомдук транспортто бир четэлик окен баарын шытырата соксо бири дагы башын которгон жокко.
@bakitdjumagulov1575
@bakitdjumagulov1575 8 месяцев назад
Орус жакшы дегендер уксун
@УланАбдыкадыров
@УланАбдыкадыров 9 месяцев назад
Ааа мугалим сабагын баштадыбы😊🎉. Угалы жыйынга чогулгансып.
@DinaraAsylbekova-dd7rd
@DinaraAsylbekova-dd7rd 9 месяцев назад
Унунузго береке. Сизден сураныч Сайрабубу Касымованын "Уурдалган кепин"повестин окуп беринизчи сураныч
@РозаЭшкулова
@РозаЭшкулова 8 месяцев назад
Кагылайын Ата бабаларыбыз кандай азаптуу кундорду откорушкон баштарынан
@AlmabekDjumabekov
@AlmabekDjumabekov 7 месяцев назад
Атаканат карасан эмне дэгэн кыйынчылкты баштарынан откоргон иччим ачышып кетти ошондон калган кеп да орус м н дос болсон ай балтанды ала жат дэген кеп
@БекиИнгушский
@БекиИнгушский 8 месяцев назад
😢😢😢😢😢😢 Небереме жардам берейин деп 7 класстые тарыхын окуп калдым, ошол уитепте "" после ,как карательный отряд истребил несколько кыргызскиз ,аил, за 2-нед, вдоль дороги из Чалдовара до Пишпек, выстроились много русских сел, русским выдан безпооцентный типа как кредит на безвозврата'' дегенди окуганда ачбай жвман болгом.... Анан Касымалы Жантошевби же Баялинов беле ,""Ажар""ы ошол уркундогу окуя жонундо жазылганын тушундум, ,ошол уркунлун азабынан азыркы ар кайсы жакта тентип кеткен ( памир,авган, индия), кыргыздардын мекенине Зар болуп ошол жакта калгандарычы, биякка келсе гражданство ала алышпайт, жер жок ,кайраг эл...
@АдылбекАбдыназиров
@АдылбекАбдыназиров 5 месяцев назад
Ошон үчүн Ленинди пайгамбарыбыздай эле көрүшүбүз керек. Ал Октябрь революциясын кылбаганда жарымыбыз Кытайда, жарымыбыз өз жерибизде орустарда малай болуп жүрөт элек.
@FhddhdfhbdFghvf
@FhddhdfhbdFghvf 5 месяцев назад
акылы томон карангы десе
@Мээрим-щ1ц
@Мээрим-щ1ц 8 месяцев назад
Орустарга негедир көңүл бурбачым эле,ушунчалык жек көрүп кеттим. Көрсө , булар чындап эле начар калк , чочко жей берип ,, чочко кыял " болуп калышкан тура. 😬
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Бул жерде жалпы улутту каралаган болбойт. Ошол кездеги жетекчиликтин жүргүзгөн саясаты болгону анык. Биз тарыхтан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бирок жалпы улутту күнөөлөгөн сөздөрдөн качсак, туугандар. Түшүнөсүздөр деп үмүттөнөм🙏
@АдылбекАбдыназиров
@АдылбекАбдыназиров 5 месяцев назад
Ошон үчүн Ленинди пайгамбарыбыздай эле көрүшүбүз керек Ал Октябрь революциясын кылбаганда жарымыбыз Кытайда, жарымыбыз өз жерибизде орустарда малай болуп жүрөт элек
@Alinka04
@Alinka04 4 месяца назад
Ойлонуп суйлосонуз кичине....
@Alinka04
@Alinka04 4 месяца назад
Ал кездин кыйын азаматтарын кырган жок дейсизби...
@dinaraakbaralikyzy1627
@dinaraakbaralikyzy1627 8 месяцев назад
Названиеси орусчага кандай которулат?
@DoorovT
@DoorovT 7 месяцев назад
Билбейт экенмин
@arzykanmusalieva8857
@arzykanmusalieva8857 8 месяцев назад
Чыгарманы окуп бергендерге ыраазычылык билдирем, болбосо бул чыгарманы окумак кайда . Кудайга шүгүр аудио китептер көбөйдү. Угуп болсо да өткөнүбүздү билип калабыз
@botcomputer5390
@botcomputer5390 3 месяца назад
Ооба, бала кезибизде окуган чыгармалар.
@МалиааИсаева
@МалиааИсаева 11 дней назад
Жазуучулардын ичинен Мукай Элебаев эн кырааны,мекенчил мыкты инсан экен.Кайран киши жаштайынан инилери менен тоголок жетим калып,уркунду баштан откоруп,азап чегип😢ата мекендик согушта курман болуптур😢😢😢Кайран жазуучу кытайда калып калса тируу калат белен,коргонун деле жетиштуу болуптур го😢😢😢😢
@cathapping
@cathapping 5 месяцев назад
Агай, мезгил учат поэмасын окунузчу сураныч
@элдиярмадилов-щ6ш
@элдиярмадилов-щ6ш 8 месяцев назад
Уркунду.уксам.орустарды.кун.коргозбой.сабай.бергим.келет.ай.чиркин.
@chyngyzbarktabasov1111
@chyngyzbarktabasov1111 6 месяцев назад
Ары жоктор,биз жаш муундар теңелип а кээбир жерде туурап койобуз туруп сийип. Негизи кандай капыр калк экенин азыр мазмуундап турам. Мындан кийин оңололу Кудай өзү колдоп турсун!
@JAN_ASEM
@JAN_ASEM 9 месяцев назад
Эн сонун корком окуйсуз. Сынган кылыч чыгармасын окуп беринизчи, сураныч. Башкалардын окуганы купулга толбоду.
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Рахмат! Буюрса, Жаңы жылда))
@kubashonkoev1601
@kubashonkoev1601 4 месяца назад
Сонун чыгарма, жакшы үн. Рахмат!.
@DoorovT
@DoorovT 4 месяца назад
Рахмат!
@апельсинка-щ8к
@апельсинка-щ8к 6 месяцев назад
Баары сонун,бут деген созду,пут деп окуганы оон учурады
@DoorovT
@DoorovT 6 месяцев назад
Пикириңизге рахмат! "Бутту" "пут" деп кайсыл жеринде окудум? Убактысын жазып коесузбу? Рахмат!
@Айжамал-ъ4д
@Айжамал-ъ4д 8 месяцев назад
Сайпанадай онтогон, жакшынакай чыгарманы жакшы эле окубайбы.
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Кечирип коюңуз.
@umutmoldogazieva7559
@umutmoldogazieva7559 8 месяцев назад
Сиз окуп бербейсизби.Сизди да сындайлы😊
@cathapping
@cathapping 5 месяцев назад
Мезгил учат
@ЛуизаАйдаркулова
@ЛуизаАйдаркулова 5 месяцев назад
😔
@РахатМаксутова
@РахатМаксутова 9 месяцев назад
Рахмат чоң Төрөкул мырза
@chike2103
@chike2103 9 месяцев назад
Бул чыгарма "Узак жол" нын уландысы окшойт ко?
@DoorovT
@DoorovT 9 месяцев назад
Ошентсе да болот.
@гулирамолдобаева
@гулирамолдобаева 9 месяцев назад
Рахмат.Жаны жылын. Кут Болсун. Ийгилигин арта берсин
@АйзуураКазакбаева
@АйзуураКазакбаева 8 месяцев назад
Рахмат сизге,жакшы окуйсуз,сиздин анан Эрниз Кяазовтун окууганы аяабай жагат.Ишинистерге ийгилик дагы дагы кооп чыгармаларды окууп элге жеткире беринистер.
@DoorovT
@DoorovT 8 месяцев назад
Рахмат!
@РахатМаксутова
@РахатМаксутова 9 месяцев назад
Ыраазычылык
@sevaraeroglu
@sevaraeroglu 9 месяцев назад
Абдаан сонун эн сонун Алгыс Азаматке !
@АлмазАлмаз-м9з
@АлмазАлмаз-м9з 8 месяцев назад
👍👍👍👍👍
@КундузЗакирова-о9ч
@КундузЗакирова-о9ч 9 месяцев назад
Рахмаат.❤❤❤❤❤
@МаксатЖумабеков-о4л
@МаксатЖумабеков-о4л 8 месяцев назад
Ыйлагың келет ко угуп жатып. Ата бабаларыбыз кандай кана кордукту көрбөдү ушул орустардын жана маңкурттардын айынан
Далее
CORTE DE CABELO RADICAL
00:59
Просмотров 1,4 млн
Это ваши Патрики ?
00:33
Просмотров 33 тыс.
Аудиодрама | Купуя сыр
21:47
Просмотров 166 тыс.
ЭРӨӨЛ / ПОВЕСТЬ \ 1-БӨЛҮМ
59:43
Просмотров 29 тыс.