Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эгемберди Ахмедов айыл өкмөт башчы болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл чарба багытындагы 31 гектар жерди түз келишим менен 10 жылга ижарага алып алган. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдагы башчысы Мунарбек Камбаров билдирди.
Анын айтымында, ал айыл өкмөт болуп турган кезде мыйзамсыз берилген жерлерди айыл өкмөттүн балансына кайтаруу боюнча иштерди жасаган. Анын жыйынтыгында мурда айыл өкмөт башчы болуп турган Эгемберди Ахмедовдун аялына, инисинин атына айыл өкмөт башчы болуп турганда түз келишим менен 31 гектар жерди 10 жылга ижарага берип жибергенин билген.
29 окт 2023