Ушул ырчы аткаруучу Эрмек Мойдунов Оштун Жапалак деген жеринен болот КР нын Эл артисти деген наам алган Маркумдун аты эстен чыкпасын дегендер мага жардам ,жол коргозгуло Оштун бир кочосуно атын берели
Ооба,берилиш керек,Ошто кытайдын атында дагы көчө бар экен..көрүп ушунчалык таң калдым ,каанча залкарлар бар Оштон чыккан алар унутулуп эле ,кечээ кийин чыккан , кичине эл башы бп койсоле ,балдары жүгүрүп мектепке , көчөгө атын Коюп атпайбы. Эрмек Мойдунов агайдын атын көчөгө дагы, бир чоң мектепке дагы бериш керек
Кыргызстан СССР дооруна туура келбегенде Токтогулдан баштап көп эле төкмө акындар, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, А. Жумакматов сыяктуу композиторлор чыкпайт эле. Акындардын ырларын нотага салып, оркестр менен ырдаткан П. Шубин, Затаевич, Фере аттуу композиторлор Кыргызстанга келип классикалык музыка, ыр искусствосун негиздеп, өркүндөтүшкөн. Кара Молдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин да П. Шубин чогултуп, нота жазып ырдаткан. Ошонун баарын азыркы убакта эл унутканга аракет кылып жатат. Өз тарыхын унуткан элдин келечеги кең болбойт. Азыркы убакта эстрада ырчылар жасалма (фонограмма) музыка, ыр менен көп болсо Казахстан, Озбекстандын жана кээ бир түрк тилиндеги өлкөлөрдүн чегине жетип жатат. Акыркы 30 жылдын ичинде ырга берилип, өз туугандарынан, турмуштан азап чеккен бмр гана Саламат Садыков бир комуз менен ырдап кыргыз искусствосун Европа, Азия элдерине жеткирди. Ыр, музыка ар бир элдин маданиятынын өзгөчө бөлүгү. Ошол тараптан өксүгөн эл алыска бара албайт