Тёмный

Мээнин таң калычтуу сырлары! 

БЕЙИШ НУРУ
Подписаться 367 тыс.
Просмотров 99 тыс.
50% 1

МЭЭНИН СЫРЫ (Текстти жазган Нуриет Абдулазиз)
Мээ. Эң татаал жана али көп изилденбеген дене мүчөсү. Мээнин кереметтерин айтып олтурсаң деги таң калычтуу. Келиңиздер бүгүн бул кыска ролигибиз аркылуу мээнинин сырын аз да болсо ачканга аракет кылып көрөлү. Чынында 5-10 мүнөттүн ичинде бул татаал системаны айтып берүү мүмкүн эмес. Бирок бизден аракет, Жараткандан берекет.
Мээге кандайдыр бир белги нерв бөлүкчөлөрүнүн импульсу аркылуу жүзөгө ашырылганын көбү биле бербесе керек, дал ошол импульстун ылдамдыгы саатына 274 км барабар. Ошондуктан колуңузду капысынан балка менен уруп алсаңыз, денеңиз бир көз ирмемде ага реакция кылат. Мынчалык тездик менен реакция кылууңуздун себеби, албетте импульстун спорт унаасынан да тез ылдамдыкта маалымат жеткизүүсүнөн.
Адамдын мээси башка дене мүчөлөрүнө караганда көбүрөөк “дем алат”.
Мээнин салмагы бүткүл дененин 2% гана түзгөн менен, өпкө аркылуу келип жаткан кычкылтектин 20% сарптайт экен. Себеби мээнин тынымсыз иштөөсү үчүн абдан тез ылдамдыкта кан айлануусу кажет. Ошондуктан абанын(керектүү көлөмдөгү кычкылтектин) жетишсиздиги мээнин начар иштөөсүнө алып келет. Терең-терең дем алууну унутпаңыздар! Нерв клеткалары ар дайым жаңыланып турат.
Нейрондор биздин бүткүл өмүрүбүздүн аралыгында өсүп туруучу бөлүкчөлөр. Көптөгөн жылдар бою илимпоздор нейрондор жана нерв ткандары өсө албайт деген туура эмес тыянак чыгарып келишкен. Бирок нейрондор дене мүчөсүнүн башка ткандарынан айырмаланып,ар дайым өсүп-жаңыланып турат экен. Бул ачылыш көптөгөн мээ ооруларын изилдөөгө жана дарылоого жардам берди. Нейрондор арасындагы маалыматтын бири-бири менен алмашуусу ар кандай ылдамдыкта жүзөгө ашырылат. Маалыматтын көлөмү жана маанилүүлүгүнө жараша 0,5 м/с баштап 120 м/с чейин жетүүсү мүмкүн.
Мээге канча энергия талап кылынат?
Мээнин тынымсыз жана туруктуу иштеши үчүн,салыштырмалу 10-ваттык чырактын энергиясы сарпталуусу шарт. Көптөгөн бөбөктөр үчүн тартылган мультфильмдерде каармандар жаңы ой же пикир кылган учурда пайда болгон чырактын(лампочкенин) сүрөтү жөн жерден чыккан эмес. Адам баласынын мээси жадагалса уктап турган абалда да кичине чыракка жете тургандай энергия иштеп чыгат.
Мээ эч качан уктабайт.
Мээнин иштеши күндүзгүгө караганда түндөсү активтүүрөөк.
Көбүнө бул нерсе түшүнүксүз болуусу мүмкүн, анткени чын-чынына келгенде мээ күндүзү бир топ жумуштарды аткарат. Бирок баары биз ойлогондой эмес экен.Сиз “өчкөн” убакта, мээнин иштөөсү “күйгүзүлөт” экен. Азырынча илимпоздор мунун сырын билишпейт, бирок биз эч бир күмөнсүз Жараткан Аллахка шүгүр келтирсек да болчуудай, анткени мээ уктап жатканда да сизге билдирбей өз ишмердүүлүгүн уланта берет экен.
Түш көрүүнүн саны адамдын акыл-дараметине көз каранды.
Илимпоздордун пикири боюнча адам баласынын акыл-парасаты(интеллекти) канчалык деңгээлде бийик болсо, ошончолук көп түш көрөт. Кээ бир түштөрүңүздү эстеп кала албагандыгыңыз үчүн капаланбаңыз, анткени түштөрдүн көбү 2-3 секундадан ашпайт.
Адам баласынын мээсине канча маалымат батат? Адам баласынын мээси Британика Энциклопедиясына караганда беш эсе көп маалыматты эстеп калууга жөндөмдүү. Салыштыруу үчүн Британика Энциклопедиясынын акыркы санында 100 000ден ашуун макала бар. Азырынча адам баласынын мээси канча маалымат кабыл алуусу мүмкүнчүлүгү так аныкталбаса да,компьютердик тил менен айтканда мээнин көлөмү 3төн 1000 терабайтка чейин.
900 жылдык тарыхты өзүнө камтыган Британия Улуттук архивинин баардык материалдары биригип болгону 70 гана терабайт маалыматты түзөөрүн эске тутуп, адам баласынын мээси канчалык потенциалдуу экенин элестетиңиз.
Мээ өз алдынча ооруга чалдыкпайт.
Адам баласынын мээси өз алдынча ооруну сезбейт. Албетте ал колуңузду кесип алсаңыз, же болбосо күйгүзүп алсаңыз сөзсүз түрдө реакция кылат,бирок өзү ооруну сезбейт. Бирок мээнин бул сыпаты сизди баш оорудан кутулдурбайт, анткени мээни курчап турган ткандар, нерв жана кан тамыр түтүкчөлөрү ооруга абдан эле сезимтал келишет.
Мээ өз курамында 80% суудан турат.
Көпчүлүгү мээ дегенде эле тоо жаңгагына окшош, каттуу бир нерсени элестетишет. Бирок тирүү мээнин түсү кылкылдап турган саздын түсүнө окшош болот жана суу-кандын аралашмасынан турат.
Демек мээ биздин органдарыбыздын ичинен эң эле таң калычтуу керемет система болушу менен бирге, Жараткан Аллахты өзүнүн кооздугу, тартиптүүлүгү, көрүнүш жөнөкөй бирок иштөөсү татаал болушу менен далилдеп турат экен. Бул абалды Тиин сүрөсүнүн 4-аяты чынында эң сонун далилдеп турат!
“Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.”
Макаланы которуп, даярдаган Нуриет Абдулазиз

Опубликовано:

 

30 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 159   
@ulanakchalov8897
@ulanakchalov8897 4 года назад
Бизди ушундай кылып жараткан Аллахка чексиз шүгүрлөр, мактоолор болсун.🖑🖐 🖑🖐
@Dana-rd2fd
@Dana-rd2fd 3 года назад
Дизлайк баскандар алар Иса машаяк а ишенгендер жолдон адашкандар
@РозаТюлпан
@РозаТюлпан 2 года назад
@@Dana-rd2fd 6
@imiafamilov1351
@imiafamilov1351 4 года назад
Диз лайк баспагылачы сураныч Улуу Жараткан Аллахтын Ысмы Айтылып жататко
@sapsak_308.
@sapsak_308. Год назад
Эчким баскан жок
@jymagylmamanova4
@jymagylmamanova4 Год назад
Тооба
@Адиль-п1ц
@Адиль-п1ц 4 года назад
Исламдын түркүктөрү бешөө: “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад Аллахтын Элчиси” деп күбөлүк берүү, намазды өтөө, зекетти берүү, рамаданда орозону тутуу жана Аллахтын үйүн ажылык кылуу. Шарх Абдул-Мухсин ибн Мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим Биринчи даражанын түркүктөрү “Исламдын түркүктөрү бешөө…” Ислам мына ушул түркүктөр менен гана курулуусу жана аларсыз толук болбой турган түркүктөр бешөө. Ошол түркүктөр Аллахтын Элчисинин ﷺ бул хадисинде баяндалган. “Ислам беш түркүктүн үстүнө курулган: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад Аллахтын Элчиси” деп күбөлүк берүү, намазды өтөө, зекетти берүү, рамаданда орозону тутуу жана Аллахтын үйүн ажылык кылуу.”--Муттафакун алайхи: Сахихул-Бухарий: №8, №4243, Сахихул-Муслим: №16 Ибн Умардан андан Аллах ыраазы болсун кабар берилген. Ибн Рожаб رحمه الله айтты: “Бул хадистен максат-Ислам ушул беш нерсенин үстүнө курулган, алар кудум Ислам үйүнүн устун-түркүктөрү сыяктуу болот. Мындан максат Ислам динин, имаратка (үйгө) окшотуу болуп, бул үйдүн устундары (түркүктөрү) ушул бешөө болот. Имарат болсо, түркүктөрсүз курулбайт. Исламдагы башка өзгөчөлүктөр, ушул түркүктөргө кошумчалык ордунда болуп, алардан бириси жоголсо, имараттын бекемдигине жарака кетет. Бирок ал ушул жарака кетүү менен кулабай тура берет. Бирок ушул түркүктөрдүн бири куласа, анын кулоосу артынан Ислам имараты да кулайт--Жамиьул-улуми вал-хикам: 1/43 Күбөлүк сөзүнүн мааниси Ислам түркүктөрүнүн эн маанилүү негиздерин баяндоодон баштап, кийин маанилүүлүктө алардан кийинки алдынкы даражада турганын баяндоого киришти. Ушул түркүктөрдүн эн негизгиси, эн борбору күбөлүк сөзү болот. Күбөлүк - кескин түрдөгү ишеним жана ишеним маанисинде маанилүүлүгүн камтыйт. Ишенимде күбөлүк сөзү колдонуусуна себеп, сен үчүн өзүн ишенген нерсени, кудум көз менен көрүп тургандай кескин ишенимдин болуусунун маанилүүлүгүн баяндаш үчүн гана болот. Сен ишенген жана күбөлүк берип жаткан нерсе болсо: “Бир Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Аллахтын Элчиси”, ал затты бүткүл инсаниятка (бейишти) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү катары жиберген деп күбөлүк берүүсү болот. Бул мусулман киши билүүсү зарыл болгон эн чон негиз. Исламдагы ыйман ээлерин, кафирлерден ажыратуучу негиз - ал негиз болсо, Аллахтын жалгыздыгына жана Пайгамбар ﷺ динине ыйман келтирүү болот. Мындайча айтканда, “Лаа илаха иллаЛлооху Мухаммадар-РосулуЛлооху” деп күбөлүк берүү--Шифаул-алийл: 288-бет. Бейиштин ачкычы да ушул. Пайгамбар ﷺ айтты: “Бейиштин ачкычы Лаа илаха иллаЛлооху”--Баззар Муаз ибн Жабал андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Ибн Кайим رحمه الله айтты: “Күбөлүк сөзү бейиш ачкычы болсо, намаз жана башка түркүктөр, бейиш ачкычынын ачуучу тиштери болот. Бейишке кирүү ачкычтын тиштерине байланыштуу--Ас-солату ва хукму тарикиха: 66-бет. Вахб ибн Мунаббихтен رحمه الله “Лаа илаха иллаЛлооху бейиштин ачкычы эмеспи?!” деп андан сураганда: “Ооба” ушундай, бирок ар кандай ачкычтын тиштери болот. Тиштери болгон ачкыч менен келсен, бейиш сага ачылат. Болбосо ачылбайт” - деп жооп берген”--Бухарий таьликан кабар берген: 1/417 Эки күбөлүк ортосундагы өз ара байланыш Эки күбөлүк сөзү бир рукуь (түркүк) болуп саналды, “Лаа илаха иллаЛлооху” күбөлүгү өзүнчө түркүк, “Мухаммадар-РосулуЛлооху” деп күбөлүк берүү өзүнчө түркүк деп бөлүнбөдү. Анткени бул эки күбөлүк, амалдардын туура жана кабыл болуусунун негизи шарты болот. Амал төмөнкү эки иштин шартына ылайык болуп, туура болот. Аллахка калыс-ихлас Аллахтын элчисине ﷺ ээрчүү Качан амалда ыклас табылса, “Лаа илаха иллаЛлооху” күбөлүгү орундалат. Качан гана Аллахтын элчисине ﷺ ээрчүү табылса, “Мухаммадар-РосулуЛлооху” күбөлүгү ырасталат. Анткени элчи Аллахтын жеткирүүчүсү болот. Анын элчилигине жана пенделигине күбөлүк берүү “Лаа илаха иллаЛлооху” күбөлүгүнүн толуктугунан саналат. Жана экинчи күбөлүк, биринчи күбөлүктү толуктоочусу болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: “Ислам дини эки негиздин үстүндө курулган, алар-“Лаа илаха иллаЛлооху Мухаммадар-РосулуЛлооху” ырастоо болот”--Ал-Фатава: 1/310 “Намазды өтөө…”, Ислам түркүктөрүнүн экинчи түркүгү намазды өз убагында, шарттары, түркүктөрү жана фард важибтерин ордуна коюп аткаруу болот. “Зекетти берүү…”, Үчүнчү түркүк, Аллах пенделерге милдеттендирген мал-мүлкүндөгү фард садаканы-зекетти берүү болот. “Рамаданда орозону тутуу…”, Төртүнчү түркүк, Рамадан айынын орозосун кармоо, тан аткандан күн батканга чейин жеп ичүү жана башка орозону бузуучу иштерден тыйылуу болот. “Аллахтын үйүн ажылык кылуу...”, Бешинчи түркүк ажылык фардын аткаруу үчүн байтуЛланы (Аллахтын үйүнө) ал -Харамга баруу болот. ​السلام عليكم ورحمة الله وبركاته @uch_negizder телеграмм каналга катталгыла. Үч суроону билиш Фардуль 'айн себеби кабырдан (мүрзөнүн ичинде) бизден сурак алынат: 1) Сенин Роббиң Ким? 2) Сенин Диниң кайсы? 3) Сенин Пайгамбарың ким?
@coolgames3133
@coolgames3133 4 года назад
1. Алла Таалам 2. Ислам 3. Мухамед (с.а.в)
@jalynvv9550
@jalynvv9550 3 года назад
Роббим АЛЛАХ Диним ИСЛАМ Пайгамбарым Мухаммад Саллаллоху алайхи ва саллам,ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛОХ МУХАММАДАР РАСУЛУЛЛАХ
@МанАк
@МанАк 3 года назад
Сиздин калтырган коментаиниз мага ото чон таасир берди , сизден Аллах раазы болсун.
@NuraiymAskaralieva
@NuraiymAskaralieva 8 месяцев назад
Мээримдуу жана ырайымдуу, ааламдын ээси болгон кудреттуу жалгыз Аллах Таалага данк мактоолор болсун❤❤
@ШайыргулМаксытова
Кудурети кучтуу Аллахыма чексиз мактоолор болсун.Аллахыма шугур🙏
@ШарифаТолубайкызы
Маш Аллах Маш Аллах ушундай мээни жараткан Аллахка чексиз мактоолор болсун 😊😍
@Ibrahim-qw2qq
@Ibrahim-qw2qq 4 года назад
Адамдын Башынын 80% пайызын Мее еелеп турат Меесиз баш болбойт Башсыз Адам болбойт Ал эми Исламда Намаздын орду Денедеги баш сыякту Башы жок адам болбойт Намазы жок Дин болбойт ! еми озунор ой жугуртуп коргуло Аллах улук.
@ТанзилаАйдарова-щ6и
Аллах эң кереметтүү Зат, Аллахка чексиз шүгүрлөр, жана мактоолор болсун,
@aiba63
@aiba63 4 года назад
Мен нервный адамын, ошондуктан нерв болуп олуп каламбы же жинди болуп каламбы деп ойлой берчуумун. Бугун ушул видеону коруп, нерв клеткалары жанданат дегенине абдан суйундурду. Ойлонуп корсон чынында эле туура айтылган, мен уга элекмин бир адамдын нерв клеткалары тугонуп олуп калыптыр же жинди болуп калыптыр дегенин.
@qaytardunyobu1391
@qaytardunyobu1391 4 года назад
الله اكبر 🧠☝️ Аллах Акбар 🧠☝️ Аллах Улуу🧠☝️ Жонг ырахмат бейиш нуруу кампания сыга☝️✔️
@doktorisamidinov61
@doktorisamidinov61 4 года назад
Ассаламу алейкум.тан калыштуу бейиш нуру чыгарган ар бир видеосуну кором бир да жолу каналга каталгыла деп айканын уккан жокмун.Бул тан калышка эмне деп жооп бере аласынар Бир туугандар
@elmiramurzakhanova3867
@elmiramurzakhanova3867 4 года назад
Жооп оной эле. Бир Гана Аллахтын ыраазычылыгы учун иштешет
@АлмазСатыбалдиев-г5ы
Аллага чексиз шугурлор болсун баарынарды тегиз Алла колдосун омиин омиин омиин
@АбсатарАнарбайуулу
Ассаламу алекум каналга игилик АЛЛАХЫМ озу колдосун туболуко амин.
@nur-mannarmatov9805
@nur-mannarmatov9805 4 года назад
Всем Ассалому аллейкум. Сколько данных поместится в 500 ТБ? (теребайт) * 125 000 000 фотографий, сделанных 12 мегапиксельной камерой. * 125 000 фильмов или 250 000 часов HD-видео; или. * 3,25е9 страниц документов, обычно сохраняемых в формате файлов Office, PDF и презентаций. Это равняется 650 000 физическим каталожным шкафам с документами!
@АзизаЭргешова-н2г
@АзизаЭргешова-н2г 4 года назад
Мага жагат ушул канал корбой туруп лайк басам)Аллаh Тааланы бизге таанытуу учун кылып жаткан эмгегинизге Аллаh ыраазы болсун ❤️
@ТАЛГАТ-ю8я
@ТАЛГАТ-ю8я 4 года назад
ЛАА ИЛЛАХА ИЛЛОЛОХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛОХ ☝️😉👍🇰🇬
@edilbekarstanbekov6584
@edilbekarstanbekov6584 4 года назад
Админден Жараткан өзү ыраазы болсун
@PolotbekLive
@PolotbekLive 4 года назад
Рахмат чооң сизге
@жалилчотонов
@жалилчотонов 4 года назад
Ото сонун каналда,автордун суйлогону кулака жагымдуу,уйку келгенде еле Бейиш Нуру каналын койсом бат еле уктап калам Аллах таала ыраазы болсун сиздерден
@rinatxxx4541
@rinatxxx4541 4 года назад
Аллаху Акбар. Лаа Иллаха иллаллох. Аллах.Аллах.Аллах.
@FATIMA-eo5zi
@FATIMA-eo5zi 4 года назад
Ассалааму алайкум рохматуллохи ва баракатуху мусулман бир туугандарым 🤗👍
@АлиАбдимажидов
@АлиАбдимажидов 4 года назад
Уа ъалайкум ассаламу уа Рахматуллохи уа баракатуху
@user-ji3qv6pp1h
@user-ji3qv6pp1h 4 года назад
АЛЬХАМДУЛИЛЛАХ эң таасирдүү, пайдалуу Хадис экен.Чынында АЛЛАХТАН☝️башка мактоо жок,ал барды жок кылган,жоктон барды кылган жалгыз зат.Пенденин акылы жетпеген кереметтин баардыгын бир гана Жараткан АЛЛАХ☝️ билүүчү ИНША'АЛЛАХ.
@АйзадаАлмерекова-у6у
Алла Таалага чексиз шугур мактоолорду айтышыбыз керек 🥰🥰🥰🥰😍😍😍😍😍😍😍😍
@БакбергенИшенбаев
Ассаламу алейкум аллахым раазы болсун сиздерге, ЖЫЛАНДАР туралуу чыгарсаныз
@НурсултанАбдыбакас
Эх кандай Гана тан калыштуу
@ЖетиАймак
@ЖетиАймак 4 года назад
Эң жакшы Адам затын жаратты. Бирок биз текебер. Өтө начар абалда жүрөбүз..
@СталбекДосбаев
@СталбекДосбаев 4 года назад
Альхамдулиллах шугур рахмаат материал даярдаган Инсандарга Алла раазы болсун
@baktybekovsanjarbek4149
@baktybekovsanjarbek4149 4 года назад
Баарыбыз келгиле аллага шугур келтирип намаз окууну баштайлы роднойлор
@cicekrose2486
@cicekrose2486 4 года назад
Радной😀бактылуу бол
@АллахтаалауулукАллахтаалаөзүжа
Ассаляму ъалейкум уа Рахматуллоху уа барахатуху уурматуу мусулман бир туугандар кандайсыңар Аллахым ыраазы болсун сизден жана бизден Аллах таала эки дүйнө бактылуулукту барыбызга насип кылсын АМИНЬ Бейиш нуру силерге чоң рахмат Аллахым узун өмүр чын ден соолук берсин эч качан оорубаныздар Аллах таала колдосун жакшы видеолорду күтөбүз
@izgi5897
@izgi5897 4 года назад
Аллахга шүгүрлөр болсун!!!
@newday1296
@newday1296 3 года назад
Чынында биз тафаккур кылбайт экенбиз . Эгер тафаккур кылсак ,Аллах Тааланы ото жакшы тааный баштайт экенсин.
@kudibolotbekov5773
@kudibolotbekov5773 4 года назад
Спасибо Аллахым ыраазы болсун сизден!
@ГулсайраЖанышбекова
Суйлогон ага ото сонун тушундурот дагы жаны темалар которуп берип турсаныздар коруучулор коп го сагынып кутом мен качан жаны чыгарат экен деп.Аллахыма чексиз шугурлор болсун ушул коруп жаткан кунубузго, тунубузго турган турпатыбыз эле чексиз мастерство тан калып бутпойбуз
@samaraabdimalikkyzy6465
@samaraabdimalikkyzy6465 3 года назад
Аллахка чексиз мактооолор болсун. Жана биз анын кулубуз. Керемет керемет.
@БакытбекПазилидинуулу
Аллахым ыраазы болсун баарыбыздан эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин амиин 🤲
@ДаниярКаразаков-д1в
Маашааллах Аллах ыраазы болсун 🤲🤲🤲👍👍👍👍👍👍🏽
@Өзгөрүш.кж
@Өзгөрүш.кж 4 года назад
Ассаламу алейкум тууганым кандайсыз ден соолук иштериң жакшыбы үй ичи тынчпы тууганым Курандын тафсирин кайдан алсам болот
@БЕЙИШНУРУ
@БЕЙИШНУРУ 4 года назад
Номер калтырып коюңуз
@ДинараРахматова-ц1я
СУБХАНАЛЛАХ, АЛХАМДУЛИЛЛАХ,АЛООХУАКБАР!
@БакытУсубалиев-м5н
Аллах керемети чексиз 🤔
@МаксатКасымов-в1р
@МаксатКасымов-в1р 4 года назад
Ото керемет айттынар азаматсыз суйлоп жаткан байке дух бердинер мотивация болду 👍👍👍
@МанасЧабанов-ф4ф
@МанасЧабанов-ф4ф 4 года назад
Кундо кудай деп эстеп журсо АЛЛАХ деп журсо барыбызка жакшы болот 😉❣️
@ТимаКанаев-л4ч
@ТимаКанаев-л4ч 4 года назад
Аллах улук Аллаху Акбар!!!
@Omurbek-u5b
@Omurbek-u5b 4 года назад
СубханАллах! Аллах өмүрүңүзгө береке берсин!
@nurjansuiumkulova4384
@nurjansuiumkulova4384 3 года назад
Аллахыма чексиз ,чексиз шугурлор болсун
@АбдусаматХалилов
@АбдусаматХалилов 3 года назад
Аллахым ыраазы болсун Аллах сансыз соопторду берсин
@АтырБелекова-з8х
@АтырБелекова-з8х 3 года назад
Аллах улук,Аллах боорукер,Аллах беруучу,бир гана суйууго Аллах татыктуу.
@sardarbekomurbekov1030
@sardarbekomurbekov1030 2 года назад
Япондордун башы Кыргыздардын казандай баштарынан кичине бирок пайдалуу коеффиценти жогору деп бир куудул айтты элэ🤣🤣🤣
@АлтынайИбраимова-ю6ь
Аллахым кызымдын мээсин остурсун дуа кылып коюнуздарчы
@dailrtoigonbaev3033
@dailrtoigonbaev3033 4 года назад
Аллах раазы болсун силерден жакшы тушундуруп бересинер ишинерге ийгилик
@МанасЧабанов-ф4ф
@МанасЧабанов-ф4ф 4 года назад
А жакшы ушл бойунча соз кылдыз сизге сууроо Адам такалып суйулогондо неден болот китпди жай окууса эсепди билбесе жаза албаса неге ушундай А. Кыздарга котун корсотуп журсо берип журсо балдарга берип журсо ташта албай журсо
@ЭльмираКулманова-и8у
Саламатсыздарбы. Кайталанган туштор боюнча жазылган маалыматтар барбы. Эмнени билдирет
@АбдусаалийКасимов
Алахым сенден раазы болсун тууган
@wonderfullife7520
@wonderfullife7520 3 года назад
Ютубта тендеши жок канал экен ма ша Аллах кайда журдум мурда корбой пай пай пай рекламасыда жок экен
@nurgazyabibillaev115
@nurgazyabibillaev115 4 года назад
АЛЛАХЫМ баарыбызга озунун кызматын так аткарган МЭЭ берсин.
@ulanibnabdullahalqirgizi546
@ulanibnabdullahalqirgizi546 4 года назад
Маашаллах керемет
@АпрпариАпрпарии
@АпрпариАпрпарии 3 года назад
сойлочулук мээ жөнүндө айтып кеткилечи
@КызгалдакГулдор
@КызгалдакГулдор 4 года назад
Ассаляму алейкум мен кооп туш кором
@talant_anarbaev
@talant_anarbaev 4 года назад
АЛЛАХУ АКБАР☝️😓😓😓
@ЖыпаргульАшырбекова
Елим журтум алаага шугур айтайлык мактоолор алкыштар айтып кечирим сурап ел журтка жакшылык тилейлик омиийин алоку акбар
@МанасЧабанов-ф4ф
@МанасЧабанов-ф4ф 4 года назад
Туура анда ушл админ кыласы баскан жерди Ачып койсун тыс дебей
@Алина-р3ц6в
@Алина-р3ц6в 4 года назад
СубаханАллах.......
@н..к-ф7л
@н..к-ф7л 3 года назад
Ошондо түш көрбөгөн адамдын баш иштебейт деген сөзбү
@БаласагынАйталиев
Алохуакбар
@tagaikenjekuluulutagaikenj7787
@tagaikenjekuluulutagaikenj7787 4 года назад
МаашаАллах Аллах ыраазы болсун сиздердин жана биздерден
@МахаТагаева-э8ж
Кудайыма рахмат ушундай Керемет жаратканына,бардык алкыш данк бир гана ага таандык
@sezimjumakadyrova6911
@sezimjumakadyrova6911 3 года назад
хак Маншалла👍👍
@aruukeegemberdieva1660
@aruukeegemberdieva1660 3 года назад
Өздөрүнчө кыйын да ушу дизлайк баскандар!
@umutasanbekova4069
@umutasanbekova4069 3 года назад
Дизлайк баскандар каапырлар же мунафыктар
@nurzatkulova9698
@nurzatkulova9698 4 года назад
الله اكبر⁦❤️⁩💛💛💛⁦❤️⁩
@АбдумиталипПарпиев
Адамга ме чечим береви же журокпу тугандар
@beka991
@beka991 4 года назад
👍👍 Аллах ыраазы болсун
@РустамБатиров-о5м
@РустамБатиров-о5м 4 года назад
Аллахка чексиз мактолор болсун Аллаху Акбар
@jyldyzumerkulova1202
@jyldyzumerkulova1202 4 года назад
Аллах ыраазы болсун дагы да коп чыгарылыштарды чыгаргыла
@fffjyd6272
@fffjyd6272 2 года назад
Бир нерсе сурайын десен тущунукту эч нерсе жок
@АбдуррахманАманбаев-т3и
Аллах ыраазы болсун сиздерден.
@ОвоаЛаьа
@ОвоаЛаьа 3 года назад
Мен нервтен орууп жаиам
@MuslimGlobal
@MuslimGlobal 2 года назад
МашаАллах
@АкаШермат
@АкаШермат 3 года назад
Алланын керемети чексиз
@УммуАли-д8ч
@УммуАли-д8ч 4 года назад
Музыка жок болсо жакшы болмок. Музыка арам да
@bmwm5345
@bmwm5345 2 года назад
АЛЛАХу акбар ☝
@dosuevulan3757
@dosuevulan3757 4 года назад
СубханАллах
@КуттубекШакенов-к1д
Кудайга шугур мээнин дагы коп функциялары бар.дем алуу системасы.кан айлануу системы коруу системасы .угуу системасы .даам сезуу системасы.температураны башкаруу системасы .дагы ж.б
@ermekimanusenov7668
@ermekimanusenov7668 4 года назад
Аллах кудуреттуу
@YfyhvghugGgchj
@YfyhvghugGgchj 4 года назад
Буткул ааламдын ээсине чексиз чексиз шугурлор болсун
@ИСЛАМжолу-и2р
@ИСЛАМжолу-и2р 4 года назад
👍👍👍☝️👆
@СабираМаматова-э7э
Жаратканым сага терен раазымын
@asadbeknurgaliev1084
@asadbeknurgaliev1084 4 года назад
СУБХАН АЛЛАХ!!!
@mrkyrgyz9082
@mrkyrgyz9082 4 года назад
Абаабил кушу жонундо маалымат берип коюнуздарчы
@zharkynai626
@zharkynai626 3 года назад
СубханАллах АлхамдулиЛлах Аллаһу акбар
@rivrov7026
@rivrov7026 Год назад
Аллахым ыраазы болсун
@НургулИманалиева-б5ю
АЛЬХАМДУЛИЛЛАХ 🤲
@НаргизаГайратбеккызы
Аллахым ыраазы болсун
@maksudnadiruulu1156
@maksudnadiruulu1156 4 года назад
Аллаху Акбар
@АаПпр-р6ж
@АаПпр-р6ж 3 года назад
Мен коп туш кором узак .
@АзаматЭнназаров
@АзаматЭнназаров 3 года назад
Абдан пайдалуу экен
@ОсмонСамидинов-ш4и
Алла ыраазы болсун
@zamirboruev8056
@zamirboruev8056 4 года назад
Алооху акбар
@ljvxdyjopteqdvjudxjoyda
@ljvxdyjopteqdvjudxjoyda 2 года назад
баракала Устаз 🤲🤲
@KG-ot6dd
@KG-ot6dd Год назад
АЛЛАХЫМ МА ШУГУР 😘
@ayanasuranbaeva3383
@ayanasuranbaeva3383 3 года назад
Что за видео такая не понятное.
@ЗулпухорСуюнтбеков
Маш Аллах Бейиш нуру компониясы эн сонун
Далее
Абдукадыр Гейлани ким болгон?
24:39
Акча Энергиясы
1:04:15
Просмотров 9 тыс.
МАЛОЙ ГАИШНИК
00:35
Просмотров 225 тыс.
OYUNCAK DİREKSİYON İLE ARABAYI SÜRDÜ 😱
00:16
Просмотров 2,7 млн
КАПАЛАНБАШ ҮЧУН МУНУ КЫЛЫҢЫЗ !
10:44
Карма (Себеп-натыйжа)
1:22:31
Просмотров 12 тыс.
Абу Хурайра (р.а.) ким болгон?
32:46
МАЛОЙ ГАИШНИК
00:35
Просмотров 225 тыс.