Тёмный

Мөлмөлүм | Комуз үйрөнүү 9-сабак 

Комуз курсу
Подписаться 11 тыс.
Просмотров 82 тыс.
50% 1

Достор, Барпы Алыкулов атабыз чыгарган "Мөлмөлүм" аттуу ырды комуз менен черткенге сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул видеону көрүп Мөлмөлүмдү черткенди үйрөнүп алыңыздар!
Сөзү, обону : Барпы Алыкулов
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм
Белгилүү болсун ыр менен.
Кедейликтин дартынан
Кейип жаным, өксүдүм.
Тосо албады кедейлик
Ашыглыктын өткөнүн.
Жарыя айтпай бул ишти
Канбайт окшойт көкшүнүм.
Ышкыдар болдум, Мөлмөлүм,
Коркосуңбу убалдан?
Сени кошпой Барпы акын
Чыга алабы кумардан!
Эки илебиң - кызыл гүл
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасаң - жүрөккө от
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың - Маргалаң
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың - баланын
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Серпилишиң - чынардын
Чырпыгындай, Мөлмөлүм.
Ыргалышың - майдан тал
Кырчынындай, Мөлмөлүм.
Түшүндүрөм канткенде
Чын сырымды-ай, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң - Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың - зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң - жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Оозуңдагы отуз тиш
Күрүчтөн кынап тизгендей.
Жакын келсең болбойбу,
Жат экен деп сезгенбей?
Айталбай сырым өтөмбү
Же, пайитин таап кез келбей?
Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Ойлоп-ойлоп күнү-түн:
- Мөлмөлүм! -деп какшадым.
Ышкысы күчтүү жаштыкты
Ыксыз жакка чачпагын.
Башымды берем тартууга
Кедей деп менден качпагын.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам;
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа
Ак маржан болуп тагылсам.
Жаңыдан түптөп бездеген,
Жаш улан колун кезгеген
Жанаша бүткөн алмаңдын
Бирөөн бер деп жалынсам.
Угар белең үнүмдү?
Алар белең тилимди?
Сооротор белең баладай
Санааркап жүргөн дилимди?
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан
Сенин, бөдөнө тумшук мамагың.
Көйнөгүңдөн көнчөгүң,
Куп жарашып чөнтөгүң.
Көп уланды күйгүзгөн,
Көйнөккө өзүн сүйгүзгөн
Сенин, көгүчкөн тумшук эмчегиң.
Көкнаари болуп калдым бейм,
Көңүлүмдөн кетпедиң.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей;
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей,
Тартууга берсем өзүмдү
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир дабаа
Табар белең, Мөлмөлүм?
Же, мал бербей, өзүн берет деп,
Өлөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартинан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чечалбадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок:
Миң азапка кайылмын
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп.
Бир мен эмес канчалар
Көз артып жүрөт өзүңө.
Баян кылып өтөйүн
Кулак салсаң сөзүмө:
Кедейи бар, малдуу бар,
Чабалы бар, алдуу бар.
Кедейинде - жүрөк бар,
Чабалында - тилек бар.
Малдуусунда - зордук бар,
Алдуусунда - кордук бар.
Ыктыяр сенде, бизде ыклас
Акылдуу жансың ылгап ал!
Комуз сабактарын көрүп комузду мыкты деңгээлде черткенди үйрөнүңүз.
Сайт Beshbarmak.info дает уникальную возможность научиться играть на комузе совершенно бесплатно и онлайн не выходя из дома! Не упустите этот шанс!!!
beshbarmak.inf...
#молмолум #мөлмөлүм #комузырлары #молмолумкомуз

Опубликовано:

 

3 окт 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 127   
@alphaalpha930
@alphaalpha930 5 лет назад
Эн сонун мен угуп черткенге конгом молмолумду башка чертчум сиздин черткенинизди коруп уйронуп жатам . абдан сооонун уйротот экенсиз Алла раазы болсун
@КанайЭргешбайева
Сиз жакшы салат берет экенсиз сиздин жардамыныз менен мен молмолумду уйрондум.
@КанайЭргешбайева
Азаматсыз абдан жакшы уйротот экенсиз сиздин жардамыныз менен мен уронуп алдым азаматсыз
@mr.blue.9116
@mr.blue.9116 Год назад
Жакшы сабак өтөт экенсиз💓💓
@akmaral811
@akmaral811 5 лет назад
Сизге чон Рахмат ишинизге ийгилик.Улуу кочту чыгарыныз суранам
@ЭркайымДуйшонова
@ЭркайымДуйшонова 9 месяцев назад
Сиздин сабак бергениниз аябай жакты коп нерсени уйроно алдын чон Рахмат сиздей адамдар коп Болсун 😍😍😍😍😍😍
@АлбинаСапарбекова
Сизге чоон рахмат ырлардан даагы уйротунузчу
@Комузкурсу
@Комузкурсу 4 года назад
журок сыры ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-3-4xRXDt3TA.html
@aitunbob1648
@aitunbob1648 2 года назад
Ишинизге ийгилик дагы башка куулорду чыгара бериниз
@БазаргулСооронбекова
Эн сонун мен да комуз уйронуп жатам, нотасын кошо берсе жакшы болот эле
@Sijing-gl8rx
@Sijing-gl8rx 5 лет назад
Мага ушул куу аябай жагат✌👍👍👍👏👏
@gulu98abdijalilova75
@gulu98abdijalilova75 5 лет назад
Жылуулук дүйнө сендеги. Ушул ырдын чертилишин уйротунузчу. Кутобуз алдын ала рахмат
@Комузкурсу
@Комузкурсу 4 года назад
журок сыры ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-3-4xRXDt3TA.html
@И.кА
@И.кА 6 лет назад
Азаматсыз,сизди коруп уйронуп жатам)...дагы чыгарсаныз аябай жакшы болот эле
@ДианаБаатыркызы
Исакова Аянасыңбы
@baktygulbatyralieva7716
@baktygulbatyralieva7716 6 лет назад
Дагы коптогон ыр-кулоорду кутобуз. Сонун кыска нуска тушунуктуу сабактар учун рахмат
@Комузкурсу
@Комузкурсу 4 года назад
журок сыры ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-3-4xRXDt3TA.html
@aidanakazybek7147
@aidanakazybek7147 3 года назад
Чоң рахмат
@КызжибекЗакирова-т2л
Кыйла уйронду суйунуп жатабыз ракмат
@АйгеримЗаканаева
Нотасын жазып койсонуз жакшы болмок
@ILOVEYOU-km5oz
@ILOVEYOU-km5oz 4 года назад
Ля фа фа фа ми ми ми Ре ре до ре ми ми ми Си до ре ми ре до до до си не Ре ре до ре ля ля ля
@АйжамалЖеналева
@АйжамалЖеналева 4 года назад
I LOVE YOU @ не деп жазылган нота ре нотасыбы
@Жизнь-д2х
@Жизнь-д2х 4 года назад
@@ILOVEYOU-km5oz спасибо огромное
@Baba-yl4to
@Baba-yl4to 3 года назад
Ооба аябай жакшы болот эле
@nicegirl9710
@nicegirl9710 3 года назад
@@ILOVEYOU-km5oz бул нота тура эмес экен го😊☺
@aisalkynnurova9174
@aisalkynnurova9174 4 года назад
Ишинизге ийгилик! Маш ботой куусун чертишти уйротунчу. Нота менен болсо жакшы болмок
@АянаАттокурова-е9ы
Мөлмөлүмдү үйрөнгүм келет А.Аяна
@laurap3517
@laurap3517 5 лет назад
Саламатсызбы, Сизге чоң рахматымды билдирем, сиздин жардамыңыз менен үйрөнүп жатам. ❤ Бирок бир чети ноталар кээбир жерде угулбай калып жатат. Эгерде сиз ноталарды экрандан көрсөтсөңүз бизге ыңгайлуу болмок. Чоң рахмат!❤
@tynchtykbekjusupov5754
@tynchtykbekjusupov5754 3 года назад
Рахмаат азаматсын мен да уйронуп атам сенден
@raxatsiyorkulkyzy3094
@raxatsiyorkulkyzy3094 2 года назад
👏👏👏👍рахмат
@iurd93
@iurd93 3 года назад
👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍
@amirsultanbayazedov6807
@amirsultanbayazedov6807 2 года назад
Кагаз бетине чийип, жазып корсотсонуз дагы сонун болмок экен
@joomartabilenov2017
@joomartabilenov2017 2 года назад
"Молмолум" Б.Алыкулов Ля фа фа фа ми ми ми ми ре ре до ре ми ми ми ми (си до ре ми до до до си ре до до до ми ми Ля Ля ля эки жолу)
@amirsultanbayazedov6807
@amirsultanbayazedov6807 2 года назад
Кагаз бетине тушуруп, дагы бир (молмолум) видео чыгарсанар жакшы болот эле
@УсонДуйшеев
@УсонДуйшеев 4 года назад
Саламатсызбы?С Бейшекеевдин "Жалгызымсың"деген ырын черткенди үйрөтө аласызбы?
@ЧындоолотЧоюнбекуулу-б7с
Чон рахмат уйронуп алдым
@kasymmirzovaliev995
@kasymmirzovaliev995 Год назад
Алтын балалык нотасын чыгарып коюңузчу
@Love4545love
@Love4545love 2 года назад
Ака марш Ботой үйрөтүңүзчү суранам
@нурайымратбеккызы
"Жылуулук дуйно сендеги"деген ырды комуз менен кантип чертиш керек? Ушул ырды уйротунузчу
@Комузкурсу
@Комузкурсу 4 года назад
журок сыры ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-3-4xRXDt3TA.html
@КулпунайБердиева-б7ъ
@@Комузкурсу Жылкычынын ырын уйроткулочу сураныч
@НурданаКалыбекова
сонун экен
@amirsultanbayazedov6807
@amirsultanbayazedov6807 2 года назад
А негизи сонун тушундуруптурсунор. Бирок черткенди жаны уйронуп баштадым эле
@gulnaraiskabekova295
@gulnaraiskabekova295 Год назад
Саламатсызбы балам ушу молмолумдун ырына,куусун жана нотасын жонотуп жибересизби мен чертет элем,
@gulnaraiskabekova295
@gulnaraiskabekova295 Год назад
Саламатсызбы балам ден соолук жакшыбы мага молмолумдун ырына куусун жана нотасын жонотуп коесунбу чертет элем
@НазираОмурбекова-п5х
бары жакшы болуптур бирок ылдый ойдо кандай чертилет билбей атам
@Zhumanazarova
@Zhumanazarova 6 лет назад
Күтөбүз бирок эртерек чыгарыңыздар
@Комузкурсу
@Комузкурсу 4 года назад
журок сыры ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-3-4xRXDt3TA.html
@БактыгулТолонбаева-я4к
Кичине түшүнүксүз экен бирок сонун чертет экенсиз
@nargizaturdubaeva9113
@nargizaturdubaeva9113 5 лет назад
Соонун чертет экенсиз сизге бир суранычым бар суйуу кечи деген ырдын нотасын берип коюнузчу аябай жакты эле ошол ыр сураныч макул десениз жазын номер берем вацап
@НуризаАрыкбаева-м9у
Нотасын жазып койунузчу сураныч
@kubanychbekmamberdiev5821
@kubanychbekmamberdiev5821 3 года назад
Неге менин комузумдун уну мындай эмес? Кантип настроит этсем болот?
@кыргызтв-ю2у
@кыргызтв-ю2у 6 лет назад
тез чертилген жерин айтып койо аласызбы
@svetabaimuratova845
@svetabaimuratova845 4 года назад
Аккан сууга кандай куулонот? Анан кантип ойнолот?ноталарын айтып берсениз....
@ГульнараНагаева-к2г
Азаматсын нотасы мумкунбу
@Baba-yl4to
@Baba-yl4to 3 года назад
Ооба абдан суранам
@tynchtykbekjusupov5754
@tynchtykbekjusupov5754 3 года назад
Эгер мумкун болсо Аппак суйуу деген Нурак атабыздын ырын чыгарасынбы
@aknietjoldoshbaeva38
@aknietjoldoshbaeva38 3 года назад
Саламатсызбы абдан сонун чертет экенсиз азаматсыз.👍👏 Мен дагы комузчу болгум келет уйрото аласызбы?😔Ноталарын жазып коюнузчу 😊
@МираИсаева-х4в
@МираИсаева-х4в 3 года назад
Нотаны билбеген адамга кыйын эле экен
@АлмазТемирланов-л4щ
Чоон рахмат сиз учун мен Молмолумду сонун чертип калдым
@АбдымНазиев
@АбдымНазиев 6 лет назад
Шаарыбызда комуз уйронууго кызыккандар коп кантип туура уйронуу керек бизде музыкалык тарбия жок жардам сурайбыз
@ademiwka11urimkanova75
@ademiwka11urimkanova75 5 лет назад
молодецсиз
@ГулбарчынШерматова-у1щ
Канча ай болот курс
@miraorozbaeva5647
@miraorozbaeva5647 6 лет назад
Карагат деген чыгармадай кылып нотасын аягында коргозуп жазып бере аласызбы
@МахабатИсакова-м9ч
Нотасын жазып койуңузчу сураныч
@nicegirl9710
@nicegirl9710 3 года назад
Нотасын жазып коюнуздарчы сураныч ким билсе да
@БазаргулСооронбекова
Ля,фа, фа,фа ,фа,фа ми, ми, ми,ми.деп биринчи болугун айтып жатат ушундай соз.менен, устуно белгиси менен жазып койсо жакшы болот эле
@ataiabakirov596
@ataiabakirov596 Год назад
че та пред последнийде “ре” уйроткону боюнча бир черткени эки болуп ататго
@БазаргулСооронбекова
Колдорун экран дан жакшы коруп жатабыз
@КызжибекЗакирова-т2л
Укам молмолумду нота менен жонотчу сураныч си ля деп жазып
@shirinaibiyke6485
@shirinaibiyke6485 5 лет назад
Нотасында менен киргизинизчи
@ЖыпарАдылова
@ЖыпарАдылова 3 года назад
Абу классика
@АлбинаСапарбекова
Мен уйронуп атам бирок башка ырларды дагы уйротунузчу
@БазарбекШадыбеков
сиз окуучуларга сабак бересизби
@ГульмираАбдрахманова-м2ц
Буну 4 тоомдон чертсе болобу
@МахаКадырбердиева
Болот
@shirinaibiyke6485
@shirinaibiyke6485 5 лет назад
Сиз менен жолукса болобу
@КызжибекЗакирова-т2л
Салам колунар береке укам Менин кыздарым кичин 3 класс нотасын 2 куплетин ноота менен жазып берчи ля си деп алдын ала ракмат
@МанюМайрекова
@МанюМайрекова 6 лет назад
исмаилов жамалдинди тааныйсызбы
@НурданаКалыбекова
сиз канча гуу билес
@АсемаТургунбаева-ь3х
Оной эле комузду чертип үйрөнсө черте алат
@АбдымНазиев
@АбдымНазиев 6 лет назад
Ассалоому алейкум комуздун куулонуштору менен кууну тамга ноотасы менен уйронуу жолу туурабы биз Дудинка шаарында жашайбыз кенири пикир алмашууга ватсап аркылуу байланышка чыксак кандай болот
@ДамираРысбекова-щ8с
Жакшы экен мен да уйроно баштадым
@ГульзатБайс
@ГульзатБайс 6 лет назад
Шилтемдерин да корсотуп койсонузчу
@ИсламбекНиязов-и7к
Бармак. М.н соомой еко еле иштейт
@ЫкыбалНурматова
@ЫкыбалНурматова 4 года назад
Мага жакты кечиресиздер ушунуе нотасын ким билсе жонотубийиниздерчи мен ютубда бармын айтмаматова элгиза деп жазастар чыгат анан оставить коментарии ди басып нотосын жонотобийиниздерчи
@АбдымНазиев
@АбдымНазиев 6 лет назад
Куу уйронушубуз керек
@asemaermekovna2338
@asemaermekovna2338 3 года назад
Нотасыны жазып коюнчу астына Анан ырлары менен айтынчы
@ГулнурАрыбжанкызы-ж3ю
Ватсаптан жонотуп коё аласыздарбы?ушул видиону
@ladyazema6889
@ladyazema6889 5 лет назад
Пиратское морени кантип уйронсо болот
@yamaha5751
@yamaha5751 5 лет назад
Пиратское море 😂 пиратское эмес карибское море
@АйданаАкимканова
Нотаны жазып коюнуз у
@КаныкейМамасалыевна
Ойдо ылдый шилтем ля фа фа фа ми ми ми ми ре ре до ре ми ми ми ми кайырма си до ре ми ре до до си ре ре до си ля ля ля башкысы ой до ылдый шилтейсиз
@temirlanbaktygulov783
@temirlanbaktygulov783 6 лет назад
Дагы чыгарынызчы куулорду уйронгонго
@МырзайымИмашкызы-в2п
Нотасын чыгарынызчы
@Комузкурсу
@Комузкурсу 4 года назад
журок сыры ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-3-4xRXDt3TA.html
@СакураХаруно-с9ш
@СакураХаруно-с9ш 4 года назад
@@Комузкурсу Музыкалык сабаты жок бирок кызыккандар учун эн сонун мумкунчулук тузуп берип атканыныздар учун чон рахмат.Орконунуздор оссун.Маш ботой куусун уйротсонуздор сураныч.
@АкназарКадыров-й3м
Салам
@АкназарКадыров-й3м
Мен комуз уйронойун дегем 0500006577 карден уйронсм болот
@СайрагуляАнарбаева08
Мен комузга катышам 5жыл болду
@armystar8243
@armystar8243 5 лет назад
Не кылайын
@МыскалДжумалиева-ь4к
@@armystar8243 😂😂
@КубаЖумашов-щ2щ
@КубаЖумашов-щ2щ 6 лет назад
Сабак бере аласынарбы ,?
@Комузкурсу
@Комузкурсу 6 лет назад
Саламатсызбы. башка жумуштарыбыз болгон учун сабак бергенге бош убакыт болбой калат ко дейм.
@КубаЖумашов-щ2щ
@КубаЖумашов-щ2щ 6 лет назад
Комуз курсу молмолумдун нотасын жибере аласызбы
@azikosmon3630
@azikosmon3630 6 лет назад
@@Комузкурсу Бул жигитти ким тааныйт. Аты жону ким?
@kobastalin9479
@kobastalin9479 5 лет назад
Как зделаеш
@armystar8243
@armystar8243 5 лет назад
Тушунуксуз
@НуризаАрыкбаева-м9у
Нотасын жазып койсонуз
@фриФаер-ш1р
@фриФаер-ш1р 4 года назад
Ля фа фа фа ми ми ми ми Ре ре до ре ми ми ми ми Си до ре ми ре до до си ре Ре до си ми ля ля ля Мен комуз үйрөнгөнмүн эжекем нотаны ушундай кылып жазып берди билбейм дагы туура деп ойлоймун
@НуризаАрыкбаева-м9у
@@фриФаер-ш1р рахмат чоон
@НуризаАрыкбаева-м9у
@@фриФаер-ш1р рахмат чоон
@КызжибекЗакирова-т2л
Колунар береке кылдарын молмолумо черкенде унун угузчу 3 кылдан кандан ун ыгарарын куулошту билбейтам
@Комузкурсу
@Комузкурсу 3 года назад
каналыбыздагы видеолордун арасында комузду куулогонду уйротконбуз ошол видеодон уйронсонуз болот
@Комузкурсу
@Комузкурсу 3 года назад
beshbarmak.info/nastrojka-komuza-i-vidy-nastroek-uroki-komuza-11-urok/
@aikolchui9978
@aikolchui9978 4 года назад
Кыргыз жалпыга «Ассалам алейкум» деп салам бербейт! Саламатсынарбы, амансынарбы, арыбаныздар деп учурашкан кулакка кандай жагымдуу угулат. А асалам алейкум деп чубак-мубактар журо берсин, алардан улгу албагыла агайым-туугандар. Комузуна чыгармачылыгына алкыш!
@АРУУКЕМУРАТБЕКОВА-ъ4ш
Описаниеге нота жазсанар боло, бат бат айткандан тушунбой калат экенсин 😒😒
@kgz.king.kyrgyzstan7828
@kgz.king.kyrgyzstan7828 5 лет назад
Черткенди эч үйрөнө албай жатам
@nurdanakalybekova6476
@nurdanakalybekova6476 2 года назад
Вы не знаете как играть на комузе с пальцами
Далее
Атай Огонбаев
31:28
Просмотров 45 тыс.
🎙Пою РЕТРО Песни💃
3:05:57
Просмотров 1,3 млн
Биринчи сабак
5:35
Просмотров 22 тыс.
1-сабак Комуз
25:17
Просмотров 188 тыс.
Küy Tartıs - Türk Toyu - TRT Avaz
17:40
Просмотров 1,7 млн