Түгөлбай ага деги эле бизге КЫРГЫЗГА бир жаралган инсан .Бул Насыйкат ыры Кыргыз элинин тарыхын айтып какшап ,ыйлап турат.Деги эле ырлары обондору өзүнчө эле тарых.Бар болуңуз Түкө ага .
Бул насыйкат, бул насыйкат, Бул насыйкат мага калган. Бул насыйкат сага калган, Калган керээз бабалардан. Өттү насыйкат, Тоолордон, талаалардан, ээ-эй. Ай кашканы азанатып, Ат жалына казан асып. Келген элдин тилеги бул, Улуу тарыхтын, Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй. О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы, Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»? Комуз кылын дирилдетип, Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй. Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен, Аппак марал, кайра табылдыңбы сен? Аппак марал туяк кагат, Журт которгон сыяктанат. Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен? Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен, Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен? Мөлтүлдөп аккан булак кайда, Моюндаш өскөн улак кайда? Кадырлуу журтту сагындыңбы сен? Эй, аппак марал, эй! Аппак марал, Артыңдан сая түшүп жебе келет, Көзүңдө жер айланат, тегеренет. Жебе келет, жөнө демек! Турбачы, ак марал, түңүлүп сен, Турбачы, ак марал, түңүлүп турба. Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи, Батат, батабы, батып барат өмүр кечи? Жебе келет, жөнө демек, Турбачы, ак марал, Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Ээ-эй! Жанып өтөбү, жебе жетеби, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Марал кубулуп, Кайып болуп кет эми. Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Жанып өтөбү, жебе жетеби, Билик бүлбүлдөп, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Жетсең жебе, жет эми! Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Бул насыйкат мага калган, Бул насыйкат сага калган. Калган керээз бабалардан: Канат байлап өмүргө, Каршы турган өлүмгө. Карылардан санжыра, Аппак марал жөнүндө. Карыбайт элдик ырлар, Талыбайт элдик үмүт. Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, Аппак марал неге күлүңдөдүң?..
Туголбай байкеге Аллахым узун омур,ден-соолук берсин ишине ийгилик чыгармачылыгына да ийгилик берсин! Туголбай байкенин 70 80 жылдары жылдызы жанып турган кези эле..
КЫРГЫЗдын сыймыгы генийи кууну ырга айланткан не деген керемет,соз жок, кем болбосун КУДАЙдан келген белекти кубануу менен кабыл алып журобер,замандаш болуп калганыма кубанамын!!!!?
Жаш кезде бул ырды жон эле жакшы ыр деп угуп койчу элек а азыр уксам коздон жаш агат да. Жакшы чыгарма эскирбейт тура. Туголбай Казаковдун ырлары очпос ырлардын катарында.
Сонун аткарылган созу да , обону да Түгөлбайдын аткарганы да баары төп келген чыгарма. Юбилейиниз кут, өмүрүңүз узун болсун! Элинизге кызмат кылып бар болуңуз.
Азыркы ырчылардын кээ бирин уксам суйлоп аткандай эле болушат. Ундорун катуу чыгарып. Сиздин обондорунуз жана аткаруунуз керемет. Мен 41 жаштамын. Чон апамдын жанына жатып алып кичинекей ак радиодон укканымды эстедим. Сизге ден соолук узак омур каалайм. Ырчылардын туголбай атасы болосуз
Ассаламу Алейкум Туголбай байке, ырларыныздын баары мыкты, мыктылыгы ушунда, бири бирин эч кайталабай канча обон жараткан болсонуз ар бирин башка башка Туголбай жараткандай сезим калтырат! Ар ырынызды биз кандай эргуу менен уксак, казак боордошторубуз дагы абдан берилуу менен, суктануу менен угушканын жиберген каттарынан билсек болот! Туголбай байке, эн башкысы ден соолугунузду жакшы караныз ар дайым арабыздан коргубуз келет Сизди! Ыракмат Сизге.
Атам менен энем ушул ырларды аябай суйуп укчу. Чон акем Ошто маданият техникумунда окуйт эле , уйго каникулга барса эле ырдап бер деп ырдатыша берет эле. Анда биз кичинекей болчук. Акемдин да уну аябай сонун.
Кыргыздар бир башкача эл экенбиз. Ата-бабаларыбыз табиятка чоң маани беришкен, жаныбарлар, алардын ою, арманы, сезимдери сүрөттөлгөн сонун чыгармаларыбыз бар... 🥰🐺🦌🐎🦅
Кандай соонун керемет ырлар…Журогумо жашоомдун тээ алыста калган балалык кундоруму эстетип,жан дуйном жабыркап мынча майдаланып,ким болуп калганыма уялып,кор пенделигимен уялып…алсызданып турам….Бала кезде ушундай улуу чыгармаларды угуп,ой кыйалдарым менен кооп бийик,тунук,аруу максаттарды кыялданат элем.Азырчы?Акыл эсимдин баары акча,дунуйо…Соода ишинде журуп озумду озум тааныбай баратам.Баягы айылдык мектептин китепканасынан тыпылдап туркун китеп окуп,тээ алыстарды самап,бийик максаттарды койгон узун бойлуу,кара тору кыздан эч нерсе калбагандай.Уйубуздо телевизор жок болгондуктан,кичинекей радио менин буткул аалам менен болгон байланышым эле.Эрте менен радио менен кошо ойгонуп,кошо уктачумун.Ар бир жанырган музыка,койулган спектаклдер,окулган ырлар,турдуу беруулор куну бугункудой кулагымда.Атам экообуз радиодон койулган пьесаларды ,спектаклдерди кальырбай муйуп укчубуз.Кыштын тундорундо уй муздап калганда атамдын чон тонунун бир этегин жамынып,актерлордун ар бир созун укпай калгандан коркуп,кунт койуп угаар элек.Радиодон Манас,Семетей,Сейтек айтылып жатканда атам тонун желбегей жамынып радиого жакын келип кулагын тошоп,иии,анан,бали деп суроп угаар эле.А мен атамын тонунун ичине кирип,башымды чыгарып алып Атамдын суроп угуп жатканына маашарланып,кызыгып озумчо эле бактылуу элем.Ошондогу биздин кичинекей жупуну уйубуздогу жылуулук,жарыктык азыр эч жакта жоктой…Акыркы мезгилдерде балдарыма кандай улуттук баалуулук тууралуу кандай маалымат бере алам деп коп ойлончу болдум.Балдарым Россияда жашаганыбызга байланыштуу Кыргыз адабияты,маданияты,баалуулуктар жонундо такыр сабатсыз бойдон калууда.А мен кор тиргилик менен алекмин.Мендей кыргыздар талаалап кеткендер миллиондоп саналат.Бул улут трагедиясы….
Орустун тушунда ушул ырчы агам кандай гана баатыр репрессияга учурагвндарды ырдаган СССР ге кошаматтык кылбаган ырчы деп эсептейм ошол учун Таластын мыкты уулу кыргыздын сыймыгы
Туголбай Казаков сих Насыйкатты ырга айлантыныз эле на Бир айткан созунуз бар эле,Ш,Шеркуловдун ЖУРОК ТОЛКУЙТ куусуно Текс жазышат дединиз.эле ,ошол качан жазылат экен биз кутобуз, рахмаат Сизге!
Ассалом алейкум Туголбай аке мен Токтогулдук уконуз болом Орозалынын баласы Темиралынын неберси окуп калсаныз Ата тегим жонундо билгим келет жооп берип койунуз
Ушул ырды союз маалында эсимде калган, анда кичиреек кезим эле раматылык чон энем аты Насыйкат, эле. Радиодон же уканда же телевизордон коргондо ичип аткан тамагын таштап, же чай ичип жатканда таштап койуп берилип укчу эле мени ырдап жатат деп курган чон энем.
@@user-sf1fx9un6h сага окшогондор мусульман динин иттин чыгарып журушот, саксайта сакалды остуруп, оозго насвайды салышат, суйлогон создору калп, аферистер динге жамынган, карап туруп мага деле отвращение пайда болуп баштады.
@@user-id8ut7xz1r тооба кылыңыз мен насвай чекпейм сабатыңызды бир аз жоюп алың демекмин сиздин оюңузду эч ким уккусу келбейт оставтье свои мнение при себе