Неден жаздым, неден жаңылдым, Не себептен мага таарындың? Жылдыз жүзүң көзгө элестеп, Жылаажындай күлкүң сагындым. Куса болуп жездей саргарып, Күйүтүмдөн чексиз багындым. Сага арнап сүйүү ырларын, Сага айтам жүрөк сырларын. Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам, Сага айтам тунук сырларым. Махабаттын кезип сапарын, Махабаттын ачкам кырларын. Табийгат да сенсиз суз тартып, Аянычтуу дайра муңканып. Суу боюнда өскөн камыштар Шуудурашат үнсүз сумсайып. Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң, Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм? Кайда кеттиң, кайда кеттиң…? Сизге балким булар жагат
Азаматсынар кыргызымдын таланттуу жигиттери. Эн соонун эн жакшы эски ырларды ырдап эскеруу. Мен "5"деген баа бердим.Рахмат инилерим онорунор оркудой берсин. Чыгармачылыгынарга ийгилик дангыр жол.Мен Чолпонкулов Пазылбек Парпиевич. Ноокен район Шайдан айыл аймагы.
Ит кууганда гитара чертип качып бараткан адамды элестетип күлдүм. Бирок сонун аткарышкан. Ырдын автору Кудайберген Темиров. Биз бала кезде жанып турган чолпон жылдыз эле.