Бал аарысы. Бир күндө тынбастан 20 000 гүлгө конуп, эмгектенген бир жаратык. Анын бул эмгегинин натыйжасы катары биз инсандарга бал деген өтө пайдалуу бир ырыскы берилип жатат. Ушул жерден суроо туулат:
“Дүйнөдөгү бүткүл өнүккөн илим-техникалардын атүгүл Нобель сыйлыгын алган өтө билимдүү бүткүл профессорлордун баары бириксе да бир граммын да жасай албаган бир балды акылсыз бал аарысы кантип жасап жатат. Ага бал жасоонун илимин, рецебин, ыкмасын ким үйрөттү?”
Аары акылсыз бир макулук болсо анда муну ал кайдан үйрөндү?
Бал биздин организм үчүн, ден соолук үчүн өтө пайдалуу. Демек аары балды жасоодо биздин ден-соолугубуздан, организмибизден кабардар болушу керек. Балды биз үчүн пайдалуу кылып жасай алуу үчүн биздин ден-соолугубузга эмне пайда экендигин билиши керек. Аары биздин организм үчүн эмне пайдалуу экендигин кайдан билип алды.
Балды даярдап инсандарга сунуу бул мээримдүүлүктүн, боорукерликтин жышааны. Аарыларда бизге карата мындай сезим жок. Буга далил катары учуру келгенде уулуу ийнеси менен бизди чагып алгандыгын айта алабыз. Мээримдүү болгондо чакпайт эле да. Андай болсо бизге мээримдүүлүк кылып, боор ооруп бизге аарыдан балды чыгарып берген ким?
Аарылардын өсүмдүктүн гүлдөрүндөгү чаңдашуу процессинде орду чоң. Гүлдүн чаңчалары денесиндеги тыгыз жайгашкан кылдарга жабышып, экинчи гүлгө конгондо ал кайра ошол гүлгө жугат. Бул өсүмдүктөрдүн өмүрү үчүн маанилүү. Аары мисалы бир гүлгө консо ошол аймактагы ошондой түрдөгү гүл түгөнмөйүнчө башка гүлдөргө конбойт. Эгер ар кайсы гүлдөргө башаламан коно бергенде чаңдашуу процесси ишке ашпай калмак. Бул болсо өсүмдүктөрдүн жашоосун токтотмок.
Ушул жерден дагы бир суроо туулат: “Кызык! Бал аарылары гүлдөрдү кантип таанып атат? Эмне үчүн ошончолук узак жолду басып өтүп жатат. Ал чаңдашуу процессин кайдан билет. Чаңдашуу үчүн маанилүү болгон денесиндеги кылчаларды ким жайгаштырды?”
Аарынын кичинекей курсагынан бир эле мезгилде бал да чыгууда, уу да чыгууда. Бирок бири-бирине аралашпай чыгууда. Мындай кылдат ишти акылсыз аары кантип аткарууда?
А уячалардагы жумуркалардан аарылар жетилип чыга алуусу үчүн температура так 35 градус болушу керек. Эгер температура 30 градус болуп калса жумурткадагы аарылар өлүп калат. А эгер 40 градус болуп калса жумурткадагы аарылар кайра эле өлүп же майып болуп калышы мүмкүн. Тилеке каршы кээде температура 30 градуска түшүп кетет. Бул кезде аарылар уячанын жанында туруп алып титиреп олтуруп, натыйжада температуранын 35 градуска көтөрүлүшүн камсыздайт. А эгер температура көтөрүлүп кетсе канаттары менен шамалдатып олтуруп кайра 35 градуска түшүрүп алат.
Бул жерден да чоң суроолор пайда болот. Аарылар уячадагы жылуулуктун даражасы 35 градус болуш керектигин кайдан билет. Муну биз деле ушул ролик аркылуу билип атпайбызбы оо менин бир тууганым. Ошол көтөрүлүп же түшүп кеткен жылуулукту да термометрсиз кантип билип алат. Билген соң ага титиреп атып ысытуу, же канаты менен кайра муздатуу ыкмасын ким үйрөттү. Дегеле бал аарысы ошол өзгөчөлүктөрдү, жөндөмдөрдү кайдан алды, кайдан окуду.
Албетте акылсыз аары муну өзү билип алалбайт да. Бул оор, татаал процесс өзүнөн-өзү да болуп калбайт. Өзүнөн өзү болду дегендик чынында акылсыздык, караңгылык.
Анда ага буларды ким үйрөттү? Ким?
Ыйык Куранда Аллах “Эгең бал аарысына илхам берди”-деген маанидеги аятта бул кереметтүү иш-аракеттерден пайда болгон суроолорго жооп берет. Чынында бул иш-аракеттердин Эгеси чексиз чебер болгон Даанышман, Акылман болгон Аллахтан башка ким болушу мүмкүн?
Куранда кайра-кайра “Ойлонбойсуңарбы? Акыл жүгүртпөйсүңөрбү? Акыл калчабайсыңарбы?”-деп бекеринен айткан эмес. Чынында ойлонгон адам үчүн ааламда кереметтер толтура. Бул кереметтерди көргөн адамдын “Аллаху Акбар”-деп сажда кылбастан башка аргасы калбайт!
30 сен 2024