Тёмный
No video :(

Нооруз Алымбаев Көк жөтөл 

karaoke ASIO
Подписаться 3,8 тыс.
Просмотров 2,5 тыс.
50% 1

Канал Кыргызча караоке:
Саламатсызбы? - биздин кыргызча караоке каналыбызга жазылып, биз менен чогу кыргызча хит ырларын ырдап, ырахат алыңыз))
)
Айтмакчы)) сизге жаккан ырды биздин каналдан ырдагыңыз келсе, ырдын аталышын жана аткарычуунун атын төмөнкү почтабызга жазыңыз)) биз баардык күчүбүз менен аракет кылабаз сизге жаккан ырды караоке жасап, каналга жүктөгөнгө
Канал Кыргызча караоке:
Саламатсызбы? - биздин кыргызча караоке каналыбызга жазылып, биз менен чогу кыргызча хит ырларын ырдап, ырахат алыңыз))
Автордук укукту сыйлайбыз, эгерде сиз биздин каналдан сизге таандык видео тапсаңыз дароо бизге төмөнкү сайтка 01karaoke10@gmail.com байланышка чыгышыңызды өтүнөбүз))
Айтмакчы)) сизге жаккан ырды биздин каналдан ырдагыңыз келсе, ырдын аталышын жана аткарычуунун атын төмөнкү почтабызга жазыңыз)) биз баардык күчүбүз менен аракет кылабаз сизге жаккан ырды караоке жасап, каналга жүктөгөнгө))

Опубликовано:

 

21 авг 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 2   
@user-ps9cy9hd1m
@user-ps9cy9hd1m Год назад
Нооруз Алымбаев: «КӨК ЖӨТӨЛДҮ» ЭЛ КАБЫЛ АЛБАЙ КОЁБУ ДЕП КООПТОНГОМ»  Жаңы ырчылардын катарын толуктап жакын арадан бери өзгөчө жөтөлүп ырдаган Нооруз аттуу ырчы пайда болду. Казак туугандардын элдик ырын катыра аткарган ырчы менен чогуу таанышалы. КААРМАН ТУУРАЛУУ Туулган жылы, күнү - 1991-жыл, 21-март Туулган жери - Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району Хоббиси - Футбол ойноо, китеп окуу Үй-бүлөдө - 4 бир туугандын кенжеси - Кандайсың, Нооруз? Сени азыр калың аудитория толук таанып-биле бербейт. Кеп учугун өзүң туурасында баштасак... - Биз төрт бир тууганбыз. Мен үйдүн кенжесимин. Ата-энем да таланттуу адамдар. Атам аккордеондо ойносо, апам жакшы ырдайт. - Демек, чыгармачылыкка келип калышыңа ата-энеңдин таасири бар турбайбы, же ырдаш керек деп эле баштап калдыңбы? - Бала кезимде ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле кечелерде ырдап жүргөм. Кийинчерээк «Ак марал» бий ансамблинде бийледим. Чоңойгондо апамдан кесиптер тууралуу сураганымда бардыгын түшүндүрүп, кандай кызмат аткарарын айтып берген. Арасынан ырчылык жагып, ушуга токтолдум. - Анан музыкалык билим алдыңбы? - Ооба, мектепти аяктагандан кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктадым. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 5-курста окуп жатам. - «Көк жөтөл» аттуу казак боордоштордун ырын кандайча ырдап калдың? - Чыгармачыл адам болгондон кийин бир эле казанда кайнай берүү дурус эмес. Маданий алака түзүп, ар дайым изденип туруу шарт. Мен бул ырды мындан эки жыл мурун казакстандык досторумдан угуп, жактырган элем. Жөтөлгөн жери угарман үчүн кызыгуу жаратат экен. Ошол тууралуу продюсерим Канат Кадыржан менен кеңешип көрдүк. Эл кандай кабыл алат, ырдап чыксам угабы деген ойлор болду. «Ойчулдун ою бүткөнчө тобокелдин иши бүтүптүр» дегендей, акыры ырдап чыгууну туура таптым. Биз ойлогон деңгээлден да жогору кабыл алуу болду. Көпчүлүк бул ырдын аранжировкасын казактардыкы деп ойлошот. Комузду атайын домбра сыяктуу черттиргенбиз. - Казак боордоштор биздин ырды ырдап белгилүү болуп кетти деп ич күйдүлүк кылып жаткан жокпу? - Биринчиден, бул казак элдик ыры. Мен жаңы чыгып жаткан бир ырчынын ырын ырдап, автордук укукту тебелеп жаткан жокмун. Ошондуктан алар деле түз көз карашта болуш керек. - Жакында балалуу болдуң. Бешик бооң бек болсун. Чакан мамлекетиң тууралуу айтып өтсөң... - Рахмат. Жеке жашоо жөнүндө айтпай эле коёюн. Көрөрмандарым, угармандарым менин үй-бүлөмө эмес, чыгармачылыгыма кызыгат деп ойлойм. - Башка ырларды жаздырып жатасыңбы? Же чыгармачылыгың «Көк жөтөл» менен эле чектелип турабы? - Азыр «Көк жөтөлгө» клип тартып жатабыз. Жакында көрөрмандарга тартуулайбыз. Андан тышкары жаңы ыр жаздыруудабыз. Бул ырга өзүм обон жазам. Буга чейин обон деле жазып көрбөгөм. Өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. - Жарк этип жанып, кайра эле жалп этип өчкөн ырчылар көп. Өнөр секисинен өз ордуңду табарыңа ишенесиңби? - Бир ишти баштагандан кийин аягына чыгам. Менин бала кезимден берки максатым - белгилүү ырчы болуу. - Азыркы учурда эмне менен алексиң? - Алты жылдан бери борборубуздагы ресторандардын биринде ырдап келем. Султан Төрөбеков
@user-ps9cy9hd1m
@user-ps9cy9hd1m Год назад
Плагиат, казахскую песню украли 😂
Далее
МАМА И ВАЛДБЕРИС
00:48
Просмотров 667 тыс.
Construction site video BEST.99
01:00
Просмотров 314 тыс.