Нурайым Акылбекова
«АРДАНЫП ЖҮРӨМ»
с,о: Кутман Садыбакасов
Видеограф: Айбек Акматов
админ тел: +996 700 83 82 84
Супасын чачса таң жарык,
Суюлуп жылдыз, шам жанып.
Булбулдар керип көкүрөк,
Бутактан учса жанданып.
Торгойдун үнүн жактырбай,
Томсоруп жүрөм арданып.
Көңүлүңгө жаккан пери зат,
Көрүнөт экен пир болуп.
Көмөкөй сыздайт муңканып,
Көксөтпөй эркем бир жолук.
Ызаага батып зарыктым,
Ый менен ырым бир болуп,
Көзүңдүн көрүп ирмемин,
Көөхарды чанып иргедим.
Кыйылып сенден кете албай,
Кыйноону тарттым билбедиң.
Жарыгым бирок зор бакыт,
Жалганда жашап жүргөнүң.
Жанга эм жаркын күлгөнүң,
Жалындайм уксам сүйлөмүң.
Кумардай, ушул сагыныч,
Кусадан гана үндөдүм.
Жабыкпа, эркем өзүңдү.
Жар кылыш үчүн сүйбөдүм.
#monomedia
20 май 2023