Катын мн уруштум ушул кыздын ырын угам деп суйгондоруну эстеп атасынбы дейт жоке просто душа расслабиться болотта дедим красавица ырдай бер алтыным унуно береке
Канатың тарап кечинде, Уяңа конгон кезиңде. Уурданып барып, ак кушум, 2 жолу Уяңдан күтөм кечинде. Койкоюп тосуп төшүңдү, Коюнуңа чакыр өзүмдү. Кор кылбай башка бирөөгө, 2 жолу Колдоп кой менин сөзүмдү. Толкутуп сүйүү деңизин, Куюндай буздуң тегизин. Толкунум согуп турууга, 2 жолу Аска-зоо болчу, эгизим. Эби жок согуп жүрөгүм, Эзилип күндө жүдөдүм. Эстеген сайын өзүңдү, 2 жолу Эсимден танып жүрөмүн.
Бир моменттерде ырдай албагандар деле ырчы болуп аябай кобойуп кетти эле, интернеттин бир жакшы жагы чыныгы таланттар калктын арасынан талпынып чыга келишти, респект, браво
Бул кызды суйбой койгон болбосо керек баары жакшы соонун ырлары мен лично кундо кечке только Нуриланы угам зеерикпейм набарот эс алам бул кыздын унунон
Аябай унун уккулуктуу экен унуно береке мага негизи анча мынча ырлар жагабербейт эле сенин ырларындын баарын угупатам ырларды да журоко жеткире ырдапсын
Ээрчишип экөөбүз жаздагы таңда, Чачтарың сеңселип жазгы шамалга. Жылмайган жүзүңдөн жылдыз жанганда, Сага ашык болгонумду ыйлап эңседим. Сенден алыс жалгыздыктан азап тартканда, Майда, майда басканыңды ыйлап эстедим. Кайырма: Эстедим, эстедим Сагынып сени эстедим. Эстедим, эстедим Сагынып сени эстедим. Күн өтүп, ай өтүп, алмашты жылдар, Жылдардын арасында кайгы-муңу бар. Ортобузга нөшөрлөп жааган аппак кар, Жазды эңсеп ыйлаарыңды жаным эстедим. Кусалыкта жанчыламын сыздап муңкана Башкага жар болгонуңду ыйлап эстедим. Кайырма: Элестеп ар дайым ошол сезимди, От болуп удургуйт назик көңүлдө. Жүрөктө айыкпаган арман, кайгылар, Ал бактылуу күндөрүмдү сыздап эстедим. Сынды сүйүү күзгүлөрү, сынды махабат, Жараланган жүрөгүмдү тыңшап эстедим. Кайырма:
Оиии суйуу сезимдери ойгонотго. Ырларды угуп алып куйомо ырдап бергим келип кетти. Унум болсо ырдап берет элем😂. Чыгармаларын ,унун аябай жагымдуу экен рахмат. Оркундоп осо бер ❤