Нуркыз азаматсың. Каверлериң оригиналдан да өткөн сонун. Зарыкканда, Акмаржан, Менде да жүрөк бар ырларың жүрөктө 🔥 жанат. Ушунуңдан жазба. Эски ырларды жандандырып жүрө бер.
Суранса укпас сөзүн далайдын, Суулардай аккан күндү самаймын. Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм, Сени алып келчү жолду караймын. Кайырма: Жакшынакайым, жарк деп элесиң, Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң? Жашыл жарык нур жааган жол менен, Качан келесиң, эми качан келесиң? Кантейин күткөн кездердин көбүн, Каалабайм сенден өзгөнүн демин Карагым келип, караның издеп, Карайып барат көздөрүм менин. Кайырма: Сүйгөнүм, бүттүм, тушалып деги, Сүйүүсүз жашап, утабыз нени? Кубаты сыйкыр үмүтүм элең, Кучактап алды кусалык мени. Кайырма:
Мен дагы ошону калаймын, экө сонун пар болмок, ,Би ржан не упусти эту красавицу, голос отменный в ней все качества Для большой сцены, может быть я ошибаюсь, надеюсь, что ее найдешь