Бекболсун балбан көп кишилердин аттарын өзү карап, табына келтирип, аламан улака үйрөтүп, ал аттар элдин көзүнө көрүнгөндө жакшы акчаларга сатылган учурлар көп. Мисалы, Совет бай, Жаныш аке сыяктуу жылкы сүйүүчүлөр аттарын чаптырышып, жакшы акчаларга сатышкан! Эр эмгегин эл жебейт. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон. Динчил түшүнө ишенет, эмгекчил күчүнө ишенет. Иштесең тиштейсиң деген макалдар бекеринен айтылбаса керек. Азаматсың балбан ишиң илгерилей берсин!
Молодец Бекболсун берекелуу сарай болсун бул озу ото кучтуу бала эништен озу тендуулорду койбойтго Бул Палванды таныбаган Адам жок болсо керек Аллахым ооматынды берсин укам
Айына канчадан карайт баасын сыр кылбай айтса болмок . Жакында бироосу 10 000сом деди ушул жакта Бишкекте арендага сарай алып 5-6 минден багат. Булар оздорунун сарайы 5-6 минден арзан болуш керек го дейм ?
Тууган не сенин аттын доллар жейби жакшы соз айтпайсын лучше унчукпа кылгандар колунан келгендер кылып атат сен жон эле тамаша кылып кой ичи таарлык кылбай менде болгон менда апарып бактырмакмын жокта жакшы тилек кылып коруп койойбуз
Карим +996 деп зайбал кылчу ?? Элего не ? Болду +996 деп созун зыйбалда болот екенго жоле номерди айткан бойдон жоле калса анан былдрап +996 деп былжрабай Капа болбо .!!
Телефон номерди ушул +996дан баштап айтса башка өлкөдө көрүп жаткан ат сүйүүчүлөрүнө да чалганы мүмкүнчүлүк болсо керек. Мисалы, Россия Федерациясында канча Кыргызстандык ат ышкыбоздору бар, алар да ат алып бактырам десе чала беришет да тууганым. Арканды узун таштап, терең ой жүгүртүүнү үйрөнсөң боло!