Унунорго береке берсин кудайым, талантынарга таазим бир боорлорум менин, ийгилик каалайм Москва шаарынан Кыргыздар ососоциясынын мучосу дагы коптогон чыгармаларды кутом
Кандай гана керемет ырлар, не деген кымбат таланттар👍👍👍👍👍👍👍 ырдын создору куюлушуп аябай маанилуу жазылган, обону шайкеш келет. Аттин жылдан жылга мындай сапаттуу ырлардын саны азайып баратканы окундурот.
Баракелде талантар! Улуу муундун учугун улап, аздектеп алып жургонунор бул козу откон талантар дын арбагы н сыйлоо, жана болочок урпактарга табериктоо, Кам коруу эртенки келечектеги ырчыларга калтыраар зор аракетинер ,! Ал эми жарабайт дегендерге соз жазуу кажетсиз!
Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
Чиркин! Коксулуу "Мисс мира"дан кем эмес болсо керекко я? Коптогон кыздар жаш кезинде арыдан бери 20 жылдан киин крокодил болуп чыга келет. Ойлойсун Кантип мен ошол кара немеге ашык болгом деп. Фууууууу!