Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургуну Илхом Орусияда наабайканада иштечү. Былтыр 23-январда Орусиянын Пермь шаарында аны полиция кармап кеткен. Ага “террорчуларга жардам берген”, “терроризмди актаган” деген айып коюлган. Бирок Илхом өзү, жакындары, айылдаштары муну “куру доомат” деп эсептейт. Аялы эки баласы менен Өзбекстанга кайтууга аргасыз болгон. Учурда ал ашканада иштеп, балдарын багууга аргасыз.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады. Чет жердеги журтташтар! Маңдай жарган ийгилигиңиз же жүрөк өйүгөн көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
#MigrantMediaCentralAsia #орусия #мигрант #азаттык _____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -ru-vid.com/show-UCs_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
18 апр 2024