#бибиси #жаңылыктар #россия #украина
Орус армиясы чабуулдарын күчөтүп, Украинанын экинчи ири шаары Харьков катуу кысымга кабылууда. Шаар Орусиядан 24 километр алыстыкта жайгашкан. Согуштун башында орус аскерлери шаардын чет жакаларына чейин жетип, кийин артка сүрүлгөн эле. Азыр болсо Орусия дагы алга жылууга өттү. Президент Зеленский батышты абадан коргонуу системаларын тез арада берүүгө чакырды. Ал эми президент Путин эгер ал курал менен Орусиянын ичиндеги буталарга сокку урулса олуттуу жооп болорун эскертти.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz
28 май 2024