#Ош#ОПГ#УКТ#Милиция#Жаңылыктар
Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ"
Instagram - abdumalik_b...
Facebook - profile.php?...
Ошто куралдуу карактоого шектүү 10 адам колго түштү.Каралар 3 ай мурун жол тандабастагы 3 миллион долларга кол салып, ала-албай калышкан.Эл аралык уюшкан кылмыштуу топ бир жума мурун акча алмаштыруучу жайдан 3 жарым миллион сомду чак түштө тоноп кеткени аныкталган.Кылмыштуу топтордун катарындагы чоң муштумдар спорттук залдарда машыгып, жеңил акчанын арты менен азгырылгандар дешет.Бул куралдуу топтордун коркунуучу инвестицияга дагы терс таасирин тийгизип жатканын талдоочулар эскертет.
Ошто кулачын жайган кылмыштуу топ 2023-жылы 27- январь күнү Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине бастырып кирген окуя катталган.Анда, жол тандабастагы 65 ишкердин акчасы делген 3 миллион 300миң долларга кол салган.Эки тарапту ок атышуудан кийин каралар каражатты карактап кете алган эмес.Арадан үч ай өткөндөн кийин гана Ички иштер министрлиги эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрдү.Алардын катарында Өзбекстандын жана Сириядагы согуштарга катышкан бандиттер бар экенин милиция жарыялады.
Каналга катталыңыздар!!!
ru-vid.com?searc...
15 май 2023