Будем рады видеть Вас среди наших подписчиков! Ак седеп Наш сайт: www.peopleofkg.com Наша страница на Facebook: / peopleofkyrgyzstan Наш RU-vid канал: / @peopleofkg
Баатыр кыргыз кыздары Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан датка! Кыргызымдын сулуу, боорукер, эмгекчил, сезимтал кыздары бар болгула! Баатыр элдин кыздары дагы баатыр!
Баатырлардай кылыч алып душман чабышкан, Ат үстүндө найза ойнотуп, жоону сайышкан. Жаңылмырза, Кыз Сайкалдай кыргыз кыздары, Даңкталышып, тарых беттен орун алышкан. Кайырма: Кыргыз элим сыймыктанган, Биз бололу журтубуздун кыраан кыздары! Ишеничти актай алган, Биз бололу элибиздин чыгаан кыздары! Ала-Тоодой алп Манасты жөлөп,таяган, Шер тукуму Семетейди барктап аяган, Каныкейдей, Айчүрөктөй энелерибиз, Жары болгун, баатырларды сүйүп баалаган. Кайырма: Кыргыз элим сыймыктанган, Биз бололу журтубуздун айкөл кыздары! Ишеничти актай алган, Биз бололу элибиздин асыл кыздары! Ар-намысты, абийирди бийик кармаган, Эли үчүн эт жүрөгүн, дилин арнаган, Курманжандай, Уркуядай энелерибиз, Кайрат менен журт башкарып, улут барктаган. Кайырма: Кыргыз элим сыймыктанган, Биз бололу журтубуздун датка кыздары! Ишеничти актай алган, Биз бололу элибиздин даңктуу кыздары! Чырайынан асмандагы ай-күн уялган, Нур чайылган жүздөрүнөн жүрөк кубанган, Бүбүсара, Таттүбүбү эжелерибиз, Сулуулуктун пири болуп, кууга айланган Кайырма: Кыргыз элим сыймыктанган, Биз бололу журтубуздун сулуу кыздары! Ишеничти актай алган, Биз бололу элибиздин аруу кыздары! Кыргыз элим сыймыктанган, Биз бололу журтубуздун кыраан кыздары! Ишеничти актай алган, Биз бололу элибиздин чыгаан кыздары!