Тёмный

Президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти
Просмотров 1,8 тыс.
50% 1

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алды.
Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Мухаммед Аль-Жассерге салам жолдоп, Ислам өнүктүрүү банкынын 50 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Садыр Жапаров Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин, ушул жарым кылымдын ичинде ИӨБ дүйнөдө кадыр-барктуу, аброю бийик каржы институтуна айланып, мүчө-өлкөлөргө колдоо көрсөтүү менен алардын өнүгүшүнө талыкпастан салым кошуп келерин баса белгиледи.
Президент Кыргызстан глобалдык чакырыктарга карабастан, акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын ырастады. 2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы триллион сомдон ашты, бул өлкө үчүн тарыхый окуя болду жана экономикалык өсүштө маанилүү прогрессти күбөлөндүрүп турат.
Мамлекет башчысы ИӨБ менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн олуттуу жыйынтыгы катары “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасы саналарына басым жасады, анын алкагында калкты турак жай менен камсыздоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 млн АКШ доллар бөлүп берет. Бул каражатка болжол менен 1800 үй-бүлөнү социалдык турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду. Бул өңүттө ал ИӨБга “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча долбоорго финансы институтунун катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ишенимдүү өсүшүн канааттануу менен белгиледи.
Ал Кыргызстан өзгөчө табиятынан улам жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн зор дараметке ээ экенин баса белгилеп, ири долбоорлорду жүзөгө ашырууда кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Мухаммед Аль-Жассер ошондой эле кичи ГЭСтерди куруу, адам ресурстарын өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча долбоорлорду каржылоону кароону сунуштады.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга кошкон олуттуу салымы үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди “Достук” ордени менен сыйлады.
*****
Президент Садыр Жапаров принял президента Исламского банка развития Мухаммеда Аль-Джассера
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 июня, принял президента Исламского банка развития (ИБР) Мухаммеда Аль-Джассера.
Состоялся обмен мнениями по вопросам дальнейшего углубления двустороннего сотрудничества и реализации совместных проектов.
Глава государства, поприветствовав Мухаммеда Аль-Джассера, поздравил с 50-летием Исламского банка развития.
Садыр Жапаров подчеркнул, что Кыргызстан придает первостепенное значение сотрудничеству с ИБР, который за эти полвека стал признанным и уважаемым финансовым институтом в мире, вносящим вклад в развитие стран-участниц путем оказания поддержки.
Президент констатировал, что Кыргызстан в последние годы демонстрирует стабильный рост экономики, несмотря на глобальные вызовы. В 2023 году валовой внутренний продукт превысил триллион сомов, что стало историческим событием для страны и свидетельствует о значительном прогрессе в экономическом развитии.
Глава государства акцентировал, что важным результатом двустороннего взаимодействия с ИБР стала реализация программы «Мой дом - 2021-2026», в рамках которой для обеспечения населения доступным жильем Исламский банк развития выделит Кыргызстану 79 млн долларов США. На эти средства планируется обеспечить социальным жильем порядка 1800 семей.
Вместе с тем, Садыр Жапаров отдельное внимание уделил реализации крупных проектов в сфере энергетики. В данном контексте он предложил ИБР рассмотреть возможность участия финансового института в проекте строительства ГЭС «Камбар-Ата-1».
В свою очередь, президент Исламского банка развития Мухаммед Аль-Джассер выразил благодарность за теплый прием и с удовлетворением отметил уверенный рост экономических показателей страны.
Он подчеркнул, что благодаря уникальной природе Кыргызстан обладает большим потенциалом развития зеленой энергетики и выразил готовность к дальнейшему углублению сотрудничества в реализации масштабных проектов.
Мухаммед Аль-Джассер также предложил рассмотреть финансирование проектов по строительству малых ГЭС, развитию человеческих ресурсов, сокращению бедности и поддержке социально уязвимых семей.
В завершение встречи Президент Садыр Жапаров за значительный вклад в социально-экономическое развитие и повышение уровня благосостояния Кыргызской Республики наградил Мухаммеда Аль-Джассера орденом «Достук».

Опубликовано:

 

6 июн 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 23   
@BakytbekAkmatov-po5ou
@BakytbekAkmatov-po5ou 21 день назад
Кыргыз Элим тарыхта Бир нормальный лидер чыкты бизден, доканца колдойбус 💯 бул инсан коп иштерди кылды,мен лично семьям менен колдогом,Садыр Жапаровту мен озумонда жакшы кором,Генерал Ташиев маладец 👍💯 эки дос Алга силердин саясатынарды колдойбус 💯💯💯💯💯💯💯💯💯
@user-od1bp1df3q
@user-od1bp1df3q 21 день назад
Азаматсыз Ажоо ийгилик силерге,каманданар менен бар боогула ар дайым.
@5x113
@5x113 21 день назад
Альхамдулиллах Ажообузду жараткан Аллах озу колдосун инша-Алла
@user-ri4nt9om1n
@user-ri4nt9om1n 21 день назад
My God bless kergezstan❤ from Latakia Syria
@user-su2mv8wk9u
@user-su2mv8wk9u 21 день назад
Уважаемый президент, в городе Асман пусть побольше будут бассейнов больших и солнечных пляжей, парков пожалуйста, чтобы не загружать озеро, после постройки города много будут и граждан и гостей.
@samat1394
@samat1394 21 день назад
Маш Аллах,
@user-vt2wl5jg1p
@user-vt2wl5jg1p 21 день назад
Орустар биздин олкого келип мигрант болуп калышсын
@user-do8il5ey7u
@user-do8il5ey7u 21 день назад
❤❤❤
@BakytbekAkmatov-po5ou
@BakytbekAkmatov-po5ou 21 день назад
Биздин лидер самый высокий встепене 💯👍
@user-tm3wf5xk7k
@user-tm3wf5xk7k 21 день назад
Аллахым өзү колдосун сизди Садыр Нуркожоивич
@BakytbekAkmatov-po5ou
@BakytbekAkmatov-po5ou 21 день назад
Наша страна мести с Жапаровом 💯✊с ним народ ❤❤❤❤💯🤲
@user-sm3ms5rx8f
@user-sm3ms5rx8f 21 день назад
САДЫР АВА ИШИН ИЙГИЛИК ДЕН СООЛУК УЗУН ОМУР ООМИНЬ
@user-vt2wl5jg1p
@user-vt2wl5jg1p 21 день назад
Россияданда Ашып ташвп Онуп осуп кетсин
@user-su2mv8wk9u
@user-su2mv8wk9u 19 дней назад
Урматтуу президент, миграция боюнча агентство ачылса деген талкуулар Москвада аксакалдардын атынан болуп сизге кайрылуу жасап атат. Ар бир мигрантты каттоого алып, эн пайдалуу программаларды реформалар болсо, себеби Кыргызстандан чыгып кеткен жаран озунчо эч кимге керекэместей болгон койгойду жок кылыш учун чон озгоруулорду мекенден баштап берсениз. Сыртта жургондугу да билинбей озунун мекенине ток болуп жургону бул ээн чон моралдык куч болуп эсептелинет. Мекеним, элим, жерим деген менен эч кимге кээде керекэместей болуп калат. Коптогон программаларда жана улуттук жардам ачылса жакшы болмок. Кобунчо канчалаган адамдарга моралдык кенештерин береалса. Фонд ачылса "Мекеним сага келеин" деген Кыргызстандын бюджетине тушсо, ар айда он сомдон ар бир Кыргызстандыктан ар айда бул эн чон биримдик бул куч болмок. Азыркы учурда чыгып аткан контролдорду агентство менен бирге каролорго алып кураторстволук иштерди жургузсок жакшы болмок! Урматтуу президент сизден сураныч оба азыр аябай жумуш коп Кыргызстанда, ошону менен бирге ар бир жараанды сыртта жургон дуйно жузундогу булун бурчуна карабай озунузго топтоп аларды да козомолго алсаныз! Рахмат! Коптогон программаларды билим жактан, жумуштан Агентство трудовой миграции КР в мире деп ачсаныз. Коптогон салым кошконго биз даярбыз ар дайым!
@isasarpashov4043
@isasarpashov4043 21 день назад
Көз тийбесин Ажообузга, Кыргызстанга генерал Камчыбек Кыдыршаевичке. Өркүндөп өссө бер Кыргызстаным.
@user-su2mv8wk9u
@user-su2mv8wk9u 18 дней назад
Ойлоп корсом, Урматтуу президент сиз Кыргызстанга, эл учун бала атасын апасын тапкандай эле болуп калдыныз. Коп жылдан бери креслолорду талашып журушуп чондор эл менен деле иши жок болгонун тушундум. Кудайыма шугур! ❤❤❤
@bsnsnsbsvkfkckcn
@bsnsnsbsvkfkckcn 19 дней назад
Сау болсын Кыргыз елинин Президенти Садыр Жапаров ең зор потирот инсан сау болсын Кыргыз ели Каракалпакыстан Республикасынан салем Кыргыз агайынлерге 👍👏 сизлерди жаксы коремиз 😘
@JasminaDilshotbekova
@JasminaDilshotbekova 21 день назад
Колдуктордон бандитер эле чыгатко десем Кыйын адамдар да чыгат экен. РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ВОДАЛАЗ МАКСАТ КАМЧЫ КОЛБАЕВ УМУРЗАКОВ МУСАЛЫМ
@user-qi3rr2ge2c
@user-qi3rr2ge2c 21 день назад
Азаматсыз Садыр Нуркожоевич
@BakytbekAkmatov-po5ou
@BakytbekAkmatov-po5ou 21 день назад
Мен Садырды олгунчо колдойм и ишенем 🤝
@BakytbekAkmatov-po5ou
@BakytbekAkmatov-po5ou 21 день назад
Мен Садырды семьям менен колдогом 👍мен ото жакшы кором биздин лидерди👍мен керек болсо досторум менен кыргыз Эли менен сизди доканца колдойбус 💯✊ Садыр Жапаровту коралбагандар кобойуп кетти Аллахым дайым колдосун 🤲 Эл билип коруп турат биз доканца колдойбус,керек болсо Садыр Жапаров учун жанымы берем
@user-xz1kh7bv4d
@user-xz1kh7bv4d 21 день назад
Озундун элин менен деле Ушинтип Алик берип учурашпайсынбы , Бирону пайдаланарда ийини жок кирип кетет экенсин балбак бери жакта калат экен
@kg9237
@kg9237 21 день назад
Кыргыз Ханы Садыр Нуркожоевич Аллахымдын Назары Тушкон Инсан Кыска Убактын Ичинде Бут Дуйно Жузуно Озунун Ишмердуу Эн Мыкты Кучтуу Ишенимдуу Кучтуу Лидер Экендигин Эбегейсиз Албан Албан Иштери Менен Корсото Алды Торт Тарабы Топ Келген Илимдуу Билимдуу Акылы Тунук Онлайн Системасын Бийик Оздоштургон Спорт Жагынан Чемпион Кыраакы Корогоч Кыргыз Улуу Улуттун Жэти Атасы Хандын Асыл Тукумдарынан Ошон Учун Элим Жэрим Деп Куну Туну Башын Сайып Жан Уроп Кыргызстанды Кыяматын Кырынан Сактап Калды Тонолгон Таланган Кэндери Сатылган Жакырчылык Эли Тэнтип Кеткен Карызга Белчеден Батырган Мурунку 5Президент Куноолу Садыр Нуркожоевичти Бут Дуйно Жузу Онуккон Дэржавалар Кош Колдоп Баалап Барктап Бийик Сый Урмат Косотуп Кыргызстандын Пайдасына Миндеген Оор Татаал Эч Кимдин Колунан Кэлбеген Маселелер Ийгилик Менен Коштолуп Атат Кыргызстандын Жаркын Кэлечеги Кучтуу Лидердин Колунда Дагы Сизди 30ж Шайлаш Керек Антпесе Кыргызстан Жок Болуп Кетиш Коркунучта Сизге Терен Таазим Сиздин Команданызга Тарыхта Эч Ким Сиздей Иштеген Эмес Улуу Тарыхта Кыргызстан Учун Жасаган Иштериниз Издериниз Очпос Алтын Тамгалар Менен Жазылып Калат Буга Эч Кимдин Талашы Болбош Керек Бул Болуп Аткан Тарыхий Ачуу Чындык Зжыл Ичинде Кыргызстан Ар Тараптуу Онугуу Жолунда Кыргызстанды Сиздин Команданыз Менен Жакын Арада Онуккон 30 Олконун Катарына Алып Чыгарыныз 200Пайыз Ишеним Артып Турган Учур Аллахым Сизди Колдосун Коргосун Сактасын Кыргыз Ар Намыс Учун Куч Биримдикте Ынтымакта Ынтымагы Бар Элдин Ырыскысы Мол Болот Кыргызстандын Асманы Ачык Болсун Ар Дайм Кок Асманда Жаркыраган Кызыл Байрак Коколой Берсин Кыргыз Асман Шаары Ак Жолтой Шаар Болсун Ырыскы Ыроолоп Ынтымак Биримдик Токчулук Молчулуктун Ыры Шанданып Турсун Шандана Бер Кыргызстан Гулдоп Осо Берсин Кыргызстан Кыргыз Улуу Улутум Ала Тоодой Бийик Бол Кыргыз Ар Намыс Учун Алга Алга Алга Алга Алга Алга Алга
Далее
когда повзрослела // EVA mash
00:40
Просмотров 1,8 млн