Тёмный

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЖОГУРУЛАТУУ БОЮНЧА ЖАРЛЫККА КОЛ КОЙДУ 

7-канал Кыргызстан
Подписаться 907 тыс.
Просмотров 11 тыс.
50% 1

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Жарлыкка ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.
Садыр Жапаров мисал катары буларды келтирди: мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат. Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.
Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миң адамга 17,5 пайыз дарыгерлер туура келерин билдирди. Ушуга байланыштуу эмгек акы төлөө системасын жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди.
Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө: Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда. 2024-жылдын 1-июлунан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 млн. сомду түзөт. Жылдык керектөөсү 761,8 млн сомду түзөт.
Мамлекет башчысы мындай чаралар дарыгерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин комплекстүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналарына басым жасады. Бул өз кезегинде бардык жарандардын сапаттуу медициналык кызмат алуусун камсыз кылат. Мамлекет медицина тармагын өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоону модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап медициналык аппараттар менен жабдуунун жана сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет.
Садыр Жапаров кол койгон Жарлык улуттун ден соолугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон саламаттык сактоо кызматкерлерин колдоого багытталганын белгиледи. Бул кадам ден соолук сакчыларынын ишмердүүлүгүн арттырып, алардын ишине стимул берет. Ал мындай аракеттердин аркасында өлкөнүн булуң-бурчундагы калктын медициналык жардам алуу сапаты жогоруларын айтты. Ошол эле маалда Садыр Жапаров мындай чаралар медицина кызматкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттердин бир бөлүгү экенин кошумчалай кетти.
Ал көрүлгөн чаралар кыргызстандыктарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын айтып, медиктердин эмгеги жогору бааланышы керектигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында саламаттык сактоонун бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Опубликовано:

 

30 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 228   
@УрматМураталиев-д4ф
@УрматМураталиев-д4ф 3 месяца назад
Ооруканага барсан акча бермейинче жанына жолотушпайт!!!
@БегимайШермаматов
@БегимайШермаматов 3 месяца назад
Врачтар 30 мин алышат азыр медсестралар 12 мин алышат тен укуктуулцк кайда экинчи сорт болуп калды мед сестраларды эч ким ойлобойт койгойүн укпайт
@МайрамШамбетова-ю2т
@МайрамШамбетова-ю2т 3 месяца назад
Садыр Жапаров Аллахым ыразы болсун ишинизге ийгилик ❤
@АйшагулСейталиева-с7э
Медиктердин эмгек акысы которулсо оздорунода ынсап берсин ооруган адамдардан Акча сурабай Ак халатындай иштеп берсин Мына эл отуз жыл акчасын берип дарыланды окуган ак халатчандар чычалабагыла карапайым эл кыйналды кудайдан корккула Мен россияла иштеп канча акчаларды бердим туура тушунгуло Айлык акынар кобойду берекесин берсин Ишинерге ийгилик ❤
@клмнстпрсткат
@клмнстпрсткат 3 месяца назад
Мед айымдардын,кичи мед айымдардын да айлыгын которулсонор болмок
@MairamBalykova
@MairamBalykova 3 месяца назад
Мед айымдар 80% нагрузка менен иштейт,50 керек болсо 100% которсонор жакшы болмок.
@ЗуураНазакева
@ЗуураНазакева 3 месяца назад
Мед айымдардыкы ото аз.
@bishkekbishkek5699
@bishkekbishkek5699 3 месяца назад
Кобойткуло
@МирМаметов-ъ4ч
@МирМаметов-ъ4ч 3 месяца назад
Молодец президент Аллах колдосун❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@khjg2082
@khjg2082 3 месяца назад
Мед айымдардын айлыгы отоле аз врачтар эптеп жолун таап оорулардын акчасын алаткен.иштин баарын мед айымдар иштейт врачтар мед айымдардын алдында минстри болуп. Алышат
@myLOVElydorama
@myLOVElydorama 3 месяца назад
Врачтардай эле алышат, врачтардын иши кыйын,назначение кыла алышпайт мед айымдар ,алар да демек жоопкерчилиги аз. Иштин баарын мед айымдар кылат деп жанылышасынар
@Элька-ч9п
@Элька-ч9п Месяц назад
Оа эшек иштейт,Ат жейт.Айталбай отурабыз Соз коп озу
@Элька-ч9п
@Элька-ч9п Месяц назад
​@@myLOVElydoramaжанылышпай эле.Врачтар кеч калса да оздорунун иши менен бир жакка кетсе да среднийлер аркаларын жаап отурат,медицинская тайна деп.Силерге жу жолу укол алсанар да,бир деке болсонор медсестра жооп берет.Врач аппак болуп отурат
@АйнураЖетимишкызы-ь3г
Орто мед айымдардын жумушу кыйын ,айлык акысы аз отоле
@КенжегульТурдалиева
@КенжегульТурдалиева 3 месяца назад
Мед сестра айлыгы ас,көбөйтсөңөр
@mairambekyrzataiev1451
@mairambekyrzataiev1451 3 месяца назад
Бирок Медиктер сонун иштеп калыптыр 🇰🇬🇰🇬💪💪
@ШайлооЗакирияева
@ШайлооЗакирияева 3 месяца назад
Мед.айымдар мн санитаркалардыкын көбөйтсөнөр болмок да
@ЕппСсмм
@ЕппСсмм 3 месяца назад
Пенсиянерлерди жумуштан алгыла,жаш даарыгерлер чет Мамлекеттерге жумуш издеп кетип жатышат.
@Roza-fm3pw
@Roza-fm3pw 3 месяца назад
Жок андай эмес, биздин мекенибиздин медиктеринин айлыгы ото эле томонкуу дээнгелде.
@ЭлнураУланбеккызы-н6ы
Мед.айымдарга которсонуздор болмок жумуштун 80% жумушун аткарышат,
@ГульзираМуркасимова-о5ц
Пенсионерлер жумуштан кетсин жаштар иштесин жумушка кирейн десем места жок пенсионерлер иштеп атат анан желке бермейинче жумушка албайт акча керек болгон учун жумушка кирейн десен желке бербесен бетинеда карабайт
@axmatturgunbaev9962
@axmatturgunbaev9962 3 месяца назад
Кичи мед айдардыкында которуп берсениздер жакшы болмок 70% иштерди биз кылабыз
@net991..
@net991.. 3 месяца назад
Туура айтасыз
@Arstanbek-li7ud
@Arstanbek-li7ud 3 месяца назад
Мед айымдардын маянасы 10 - 13 миң сом..Акылбек Жапаров жомокту айтып жатат окшойт 100 миң 120 миң сом деп.
@eralieraliev1444
@eralieraliev1444 3 месяца назад
Бизде биринчи ушу ТОЙ жана ЖАНАЗА Бир жакшы закон же тартип кабыл алсаныздар жакшы.Олкобуздо жалкоолор ,беемеенет акча тапкандар кобойуп кетти
@zamirakanbekturganova9681
@zamirakanbekturganova9681 3 месяца назад
Кайсы жагынан болсо дагы жаман нерсени гана издейт экенсиңер да, тобоо кылганды качан үйрөнөбүз, кудай деле жактырбай ар кандай апааттарды жиберип сынап жатат кандай кудай дебеген адамдар көбөйдү.
@asylkanabylgazieva4118
@asylkanabylgazieva4118 3 месяца назад
Туура дарыгерлердин айлыгы кобойсун
@Top_muscles
@Top_muscles 3 месяца назад
Врачтар силерге Кудай иман берсин эми.Пара алганды токтоткула кээ бир ачкоз врачтар. Карган врачтар эс алгыла,жаштарга жол бергиле😂, силер только алганды уйротпой элге жардам бергенди уйротсонор жакшы болмок.
@КулнарАбдрахманова
@КулнарАбдрахманова 3 месяца назад
Зарплата сын которгону менен баягы эле акча алып жатышат аптекала менен лабаратория менен иштешип кымбат анализдерди тапшыртышат киргенге приемго 700 сом сурашат лабаратория кымбаттап жатат
@СаматИсмаилов-н8в
@СаматИсмаилов-н8в 3 месяца назад
Пенсиядагылар иштебесин жаштарга берсин басалбай калыптыр картан врачтар дагыделе иштеп журот
@AidaShadieva
@AidaShadieva 3 месяца назад
Урматтуу президент!врачтардын айлыгын которбой эле койбопсуз ач коз болуп кетишкен,жонокой эле консультация алам десен 500сом алат ,Эгер айлык которулсо Акча албай турган болушсун болбосо врачтар кутуруп кетет
@СардарКочкоров
@СардарКочкоров 3 месяца назад
Дагы эле мед айымдардыкын жайлапсиңар
@MairamBalykova
@MairamBalykova 3 месяца назад
Садыр Нургожоевич сизге чоон рахмат! СИЗГЕ Ден-соолугу бар,узун-омур каалайм!!!
@ДуйшобекКабылов
@ДуйшобекКабылов 3 месяца назад
Эл озубуз акча бергенде токтотпосок коррупция токтобойт врачтаргада инсап берсин барсан эле бизде даары калбаган деп даары жазып берет
@БазаргулБазаргул-х5р
@БазаргулБазаргул-х5р 3 месяца назад
Бербесен карашпайт... Ал учун элдин акыл эси осуш КК ар бир бараан озунун укушу билиш КК Сиз. Экообуз мн эле эч нерсе чечилюейт Тушундуруу истерика кобуроок жургузуш КК... Эл. Озу куноолуу эч Ким бербей койсо эч Ким ал байт.....
@АйпериЫсманкызы
@АйпериЫсманкызы 3 месяца назад
Реаниматологтор 35 мынча акча алышпайт 25-30жыл болгон иштегендерине эн коп алгандары 25мин экен орто мед айымд0ар 12-14мин алышат 26 кун иштеп ото эле аз калп суйлобой чындыкты суйлогуло
@АлмазКадыров-с9н
@АлмазКадыров-с9н 3 месяца назад
Пенсионерлер кетсин жаштарга иш жок
@Chopa-1967
@Chopa-1967 3 месяца назад
Иш жок эмей эле, канча орун бош турат дебедиби, пенсионерлер опытный да
@ДамираСарбагышова
@ДамираСарбагышова 3 месяца назад
Туура эле болуп жатат.Врачтар көп алат а ийне сайган пол жууган дар ас алат..
@ошош-ь6ь
@ошош-ь6ь 3 месяца назад
ВРАЧ СӨРӨЙ ЛӨРГӨ МИЛЛИОН АЙЛЫК АКЫ КЫЛСА ДА ЭЛДИН КАНЫН СОРГОНУ СОРГОН. ООРУЛУНУН ЧӨНТӨГҮН КАРАП АКЧА АЛЫШАТ АКМАКТАР. ООРУЛУУНУ КОРДОП МАМИЛЕ ЖАСАШАТ ШҮМШҮКТӨР.
@Мирлан-г8й
@Мирлан-г8й 3 месяца назад
20мин берсенер Ким иштейт эле 80мин 100мин кылсанар бары иштейт
@РыскульАбдурахманова-ю1и
МОЛОДЦЫ С ЖАПАРОВ МН МИНИСТР ЗДРАВОХРАНЕНИЕ 🇰🇬🇰🇬👍💪💪👏👏👏👏
@Аллахбизменен
@Аллахбизменен 3 месяца назад
ЭЙ АЛ МЕДИКТЕР АНСЫЗДЕЛЕ АЙЛЫКТЫ ЖАКШЫ АЛЫШАТ ЭЙ,КАЙРА КАЙРА ЭЛЕ КОТОРО БЕРБЕЙ.АЛАР 5 ЭЛЕ СААТ ИШТЕШИП ОЧОЙГОН АЙЛЫК АЛЫШАТ КЕРЕГИ ЖОК АЛАРГА.
@АйнаБекжанова-х4ж
@АйнаБекжанова-х4ж 3 месяца назад
Аллахым ыраазы болсун 🎉 айлык көтөрүлүп жатканы кубандырат
@ТаалайСагынбаев-ч2ч
@ТаалайСагынбаев-ч2ч 3 месяца назад
СНБ медицина тармаґын козомолго кобуроок алсаныздар!!!..
@ЗуураНазакева
@ЗуураНазакева 3 месяца назад
Санитаркалардыкы аз
@Ek-ve4ov
@Ek-ve4ov 3 месяца назад
Болот силерге ошол элэ
@BegaiumGoilubaikuzu
@BegaiumGoilubaikuzu 3 месяца назад
​@@Ek-ve4ov😂
@ЗуураНазакева
@ЗуураНазакева 3 месяца назад
Ишиниздерге ийгилик бар болунуз дар.
@АйпериЫсманкызы
@АйпериЫсманкызы 3 месяца назад
Алымкан Бейшеналиев сиз иштебей жатасыз эми эле 13-14мин алып калдыго 1 жыл эле болду ушундай айлык алгандарына болбосо 5-6 мин эле алышат эле го министирлер жакшы болсо чонтокторуно тыкпай
@Исабаеважумагул
@Исабаеважумагул 3 месяца назад
Мед айымдардын кичи мед айымдарга кобуроок кошулса жакшы болот
@НургульДоолатова
@НургульДоолатова 2 месяца назад
Мед айымдардын иши оор айлыгын 100% кошсонуздар жакшы болмок
@АйнураИсламова-ц5б
@АйнураИсламова-ц5б 3 месяца назад
Жалган эле маалыматты айтып жатат 19000 чыкса андан 21%налог кармап калат дагы 16 минге жетпейт уят калпеле элди алдай беришет налогду кармаганды азайткыла.
@BegaiumGoilubaikuzu
@BegaiumGoilubaikuzu 3 месяца назад
Зато эртеге пенсия жакшы болот 😊
@АлмазбекОтбасаров-б3ж
Айлыктар Миң Көтөрулсөда Жейберишет Жевеген Жердин Тубундө Аллахым Барына Ынсап Берсин
@ЫрысканМомукеева
@ЫрысканМомукеева 3 месяца назад
Жумуштун баарын мед айымдар аткарат
@РустамовГазбеков
@РустамовГазбеков 3 месяца назад
Пенционерлерди акчасында нормально көтөргүлө, биздин пенциянын көбу ушу дуктурларга кеттет
@НаргизаТемирбаева-л5т
Садыр жапаров ишинизге ийгилик Алымкадыр бейшеналиев сизге дагы ишинизге Ийгилик
@АйданаАсылбековна-х4н
АЛЫМКАДЫР атанады дарылап койгон окшойт эмнесине ийгилик
@НаргизаТемирбаева-л5т
@@АйданаАсылбековна-х4н алымкадыр жакшы эле иштеп жатат аз да болсо айлыктарыбызды которуп жатат
@sonyaosmon7311
@sonyaosmon7311 3 месяца назад
Миндеп окууну бутуруп жатышатко,каякта
@NurgazySholburov-xq9uf
@NurgazySholburov-xq9uf 3 месяца назад
Сырткка кетип жатшат.менинда балам сыртка чыгш керек дб жрот .Ардинатура 3жыл жактаса.1айна 5000с айлык колуна тийет дб элддин баары.депутат баш болуп айтып жатышат.Эжеке😢
@mumuh763
@mumuh763 3 месяца назад
Анкалогия полный каруксия алым кадыров иштеген жок болнисада корпуссия гулдодуу
@MairamBalykova
@MairamBalykova 3 месяца назад
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Алымкадыр Сабирдинович сиздерге чоон рахмат!! Айлыктарды эсептеген бухгалтериялар ды козомолго алыныздар.
@НургульДоолатова
@НургульДоолатова 2 месяца назад
Мед айымдар 12мин алат каяктагы коп айлыкты айтасынар
@АбылкасымОморов
@АбылкасымОморов 3 месяца назад
Кыргызстандын бывший президентердин карызы болбосоле Садыр Кыргызстанды гулдотуп жибермек Зарплаталарды песияларды которуп👍🏻
@АйданаАсылбековна-х4н
ОЗ чонтогунон тологонсуп кыйраткансып суйлосунго АЛЫМКАДЫР чотолду жэп чолчойуп олтурбай больницаларга бар кадр жэтишпейт
@ИбрагимДуйшаев-р2э
@ИбрагимДуйшаев-р2э 3 месяца назад
Медиктердин айлыгын көтөрбөсө,роосияга кетип калышты күчтүү жаш врачтар
@УмарАзантаев
@УмарАзантаев 3 месяца назад
Мединиса КАРПСИЯАНЫ жойуш керек Акча берсен гарайт бербесен гарабайт
@RayanaAdilova
@RayanaAdilova 2 месяца назад
Садыр Нургожоевич балдардын да пасобиясын кобойтуп беринчи сураныч сизге чоон Рахмат
@ZamirahonDjurabaeva
@ZamirahonDjurabaeva 3 месяца назад
Медсестралардын да маянасы көтөрулобу же врачтар элэбы.Медсестралардын маянасына көшкула.
@АлимбекБоркошев-г6й
@АлимбекБоркошев-г6й 3 месяца назад
Просто статистика иштеп калды го. Базарды карасаңар баалар канча өсүп жатат?????? Көтөргөнү менен не толк? Инфиляцияны да эске алсаңар,доллардын курсу менен сүйлөсөңөр...?!?!!?
@Рахмон-м2р
@Рахмон-м2р 3 месяца назад
20 тонны золота урдалгандин акирина чиккила,,,, вертолёт то той босун,,,,,
@ТаалайСагынбаев-ч2ч
@ТаалайСагынбаев-ч2ч 3 месяца назад
Президентские, окмотко Рахмат.,Бирок, врачтар баары Бир пара алышат.Бербесен карашпайт.
@АйданаАсылбековна-х4н
АЛЫМКАДЫР алдаркосо пенсияны айлыгын которсо оз мээнети чотол бере албаган жакшы врачтар сенин айындан
@NurizaJaparova
@NurizaJaparova 2 месяца назад
Неге медайымдар 20которуш керек 100процент котросо да аз бизаябай суйунудук эле8мин алат элек 100проценткошсо 20га жакындап калаткен деп
@БакытМамбетпаев
@БакытМамбетпаев 3 месяца назад
Мектептерде техничкалардын айлыгы качан көтөрүлөт өлгөндө көтөрүлөт окшойт.
@IslamKalmurzaev
@IslamKalmurzaev 3 месяца назад
Докторлор 100мин айлык албагыча жылыш алдыга кыйн и корупция тугонбой жатат айлык кобойсо карупция азаят деген ойдомун
@КенжегульТурдалиева
@КенжегульТурдалиева 3 месяца назад
Өзүңөрдүн айлыгыңао ушундай алсаңар сонун болмок
@АйымканКуркунова
@АйымканКуркунова 3 месяца назад
Вис кабинэтэ иштэгэндэргэ. Дагы акчасын кобойтуп.бэриниздэр
@ттттольковперед
@ттттольковперед 3 месяца назад
Медицынаны состояниясын карап, министрди текшериш керек экенин тушундум. Коррупция хит болуп журот ал жакта.
@АйнураЖетимишкызы-ь3г
Бизге өзү 20%которулгону 1800сом,анан КТу алып салган,800сомдой эле кошулат экен😢
@Malika-re1zp
@Malika-re1zp 3 месяца назад
Кичи кызматкерлерге аз кошулуптур он процент 25пр кошулсун
@Fenix77577
@Fenix77577 2 месяца назад
Конечно врачтар жетишпейтда, бпштапкы врачтын айлыгы 6800сом болсо ким иштейт эле? Ошол эле баштапкы врачтар Москвада 120-140мин алышат. Окууну бутуп эле кетип калып атышат чет жактарга
@ГулмайрамАдиева-з7м
@ГулмайрамАдиева-з7м 3 месяца назад
Мед айымдардын айлыгы 10000 миң эле 20 процент кошулса12 000 сом болобу
@КутманТурсунбаев-ц5ж
@КутманТурсунбаев-ц5ж 3 месяца назад
Ардайым онугобер Кыргызстан
@myLOVElydorama
@myLOVElydorama 3 месяца назад
Алдабай элесинерби? Которулгондон кийин 10 мин болдуго, ага чейин вообще 5 мин болчу
@КенжеКудайбергенова-с2ц
Айылда ,чакан шаарларда мед,айымдар менен санитаркалар аз алышат.Баардык кызматкерлерге 50 процент кошсо жакшы болмок.Кобойот дегенде суйунуп жатсак, мына 20 проц. + 10 проц. десе томсордук😮
@MairamBalykova
@MairamBalykova 3 месяца назад
Врачтар айлыка деле кутпойт,бир операциядан эле жок дегенде 30.000 сом алат.
@Гаррипоттер-г1к
@Гаррипоттер-г1к 2 месяца назад
Алымкадыр Бейшеналиев чынында жакшы иштеген министр
@РамиАро
@РамиАро 3 месяца назад
Дарыгерлерди бекер окуткула. Сенин доклатын элди айыктырбайт.
@Chopa-1967
@Chopa-1967 3 месяца назад
20-25мин айлыка деле жашоо кыйынго, ошондуктан врачтарга акча бербесен карабайт да. 40-50мин айлык болсо жок дегенде,врачтар биздин чонтогубкзду карамак эмес
@АйнураРысбаева-к6ц
@АйнураРысбаева-к6ц 2 месяца назад
Мед айым кичи медайымдарга коп кошулсун иштин кобун жасашат
@Ek-ve4ov
@Ek-ve4ov 3 месяца назад
Ошол шумшуктордун маянасын которгучо даары дармекти арзандатсанар озубуз эптеп даарыланабыз больнитцага барсан кинодогу гестападан жаман атып олтургусу келишет врачтар пул бербесен
@АйсулууЖамакунова
@АйсулууЖамакунова 3 месяца назад
Азаматсыз Алга , 1:19 дагы тех персоналдардын да зарплатасын которсонор абдан жакшы болмок
@Fenix77577
@Fenix77577 2 месяца назад
Калп эле которумуш болушат, мы это уже проходили, акыркы жолу которгондо да ошондой болгон, которуп кайра ставкаларды кыскартып койгон, кайра эле ошол эле айлык 9200сом алам, 25 жыл стаж м.н
@НурайИбраимова
@НурайИбраимова 3 месяца назад
Мед айымдардын айлгында 50 пайыз которсонуз болмок айымдар коп жумуш аткарат
@РысбекЭргешов-о8ц
@РысбекЭргешов-о8ц 3 месяца назад
2 мин сом которулот да бухгалтерия жеп анан бизге ушундай деп коюшат
@НурланСулайманов-х5ч
@НурланСулайманов-х5ч 3 месяца назад
Корбосон кубанасын, корсон ыйламаксын, больницалардын акыбалына, тиешелуу медициналык техникалардын жоктугуна ,даарынын баасына, специалистердин кетип калганына. Бул министрдин жылмайып турган мурутун бирден жулсан да аздык болоруна..
@РахатКубатова-н3х
@РахатКубатова-н3х 3 месяца назад
Окуу жайды бутуп келгендер. 8000 сом алышат бир айда
@myLOVElydorama
@myLOVElydorama 3 месяца назад
Уважаемый президент вам неправильно доносят информацию, какие суммы вы озвучили в руки никто не получает, 30-50-60 тыс
@АйдынАйдын-ъ5л
@АйдынАйдын-ъ5л 3 месяца назад
Миллион кылса дагы жеп уйронгондор элден акча сураганын койбойт
@БибиСадикова-ч6н
@БибиСадикова-ч6н 3 месяца назад
Айлыгын которгонго жараша Элдин акчасын алгандан токтовойт бардык вырачтар ошону текшерип карап устунон карашса болмок бардыгы халтура кылып бизнес кЫлып алышка
@ЖенишкулЫрысбекова
@ЖенишкулЫрысбекова 3 месяца назад
Медайымдардыкын 100 процент кошсонор болмок айлык аз азыркы тапка ылайык эмес
@ШайлооЗакирияева
@ШайлооЗакирияева 3 месяца назад
Мен ,мед.айымын 32жыл стажы мн колума 20 мин сом алам,эч нерсеге жетпейт
@user_637k20
@user_637k20 3 месяца назад
Жаш дарыгерлерге 20 мин сом которуп койсо болмок. Озунун кара жанына дагы жетбейт, уй булолуу болсо жашоосу кыйын жаштарга. 9жыл контрак менен окуп , озун бага алышбайт.
@МаксудаБекташева-я2с
@МаксудаБекташева-я2с 3 месяца назад
Ошол акча сураган врачтарды сотко бергиле. Байеуш медсестраларга ким акча берет,айдап кел,байлап келди гана аткарышат,жумуштун баарын медсестралар аткарат.
@СПОРТ-з3о
@СПОРТ-з3о 3 месяца назад
УНУГУП ЖАТАТБЫЗ ИН ША АЛЛАХ КЫРГЫЗСТАНГА КЕТЕТ ЕКЕНБИЗДА ЖАКЫНДА РОССИЯДАН УРАА ❤🎉
@АйнагулСубанова
@АйнагулСубанова 2 месяца назад
Урматуу биздин пириздент кенже кызматкелер деле ошол окмотун ишинде пол жуп иштеп журуп бала багабыз алган 10 мин айлык жетпей жаттат
@БегимайШермаматов
@БегимайШермаматов 3 месяца назад
Жалган мед сестралар 12 мин алат 19 мин деп ал стажы 20 жыл категория вш болсо 18 мин зорго алат
@ТурсунханЖолборсова
@ТурсунханЖолборсова 3 месяца назад
Айлыкты которуу бул чон жетишкендик урматтуу ажоого урмат жана данк.ал эми саламаттыкты сактоо министри а.бейшеналиев сезе же биле бекен.врачтары эч кандай уялбай эле больницана жаткан бейтаптардан акча алып эле жатпайбы.тамчылаткан уколдон башка бир дагы дары жок.баарын ооруулуу озу сатып алып дарыланып жатат
@БолдуканНазарова-г4е
@БолдуканНазарова-г4е 3 месяца назад
Акча дегенде бердим деп телофонго тартып реклама кылгыла ачыка чыгарып озубуз жаман уйротконбуз отуз жылдан бери бере койуп колду каратып Эми ар Бир медике ынсап берсин айлыкка кантет кылып иштей берсин масквада медиктери ото жонокой экен ынсап бар экен жакшы карашат экен келгилик кылбасын эч Ким оорубасын оорубагыла
@ИсаевЖаныш
@ИсаевЖаныш 3 месяца назад
Алым кадвр мактанчак Чал кыздар менен обшом деп мактнып Сен Иштен кетн еле Кайра Ким койбу
@EminBarut-e6l
@EminBarut-e6l 3 месяца назад
Мен ажообузга бир соз атканга акым жоок бирок бул адамды ушул жумушта иштегенине ичибиз ыраазы эмез
@ЖолборсАтыров
@ЖолборсАтыров 3 месяца назад
Алчы емес алчуу деп суйло ортак министир алчы деп емнени айтат билип суйло
@ТемирАбдыкалыков-ю7л
@ТемирАбдыкалыков-ю7л 3 месяца назад
Эми медиктер акча албай иштегиле озу силерде ото корупция коп эле
Далее