Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Жарлыкка ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.
30 июн 2024