«Алматыга бара жаткан кыз» Сөзү: Роза Аманова Обону: Роза Аманова Жарышып мезгил менен максат тилей, Жан дүйнөм алып учат канат күүлөп. Атайы ак калпактуу кыргыз элден, Бара жатам боордош элге канат күүлөп. Алматыга бара жаткан кыз, Аруу сезим жараткан кыз. Тамылжыган таң нурундай, Талантынын таңы аткан кыз. Алматыга бара жаткан кыз. Билүүгө билбегенди дагы терең, Кылымдар мурас кылган комуз менен. Жеңижок, Атай, Кенен, Эстебестей, Өнөрдүн улуу жолун улап келем. Алматыга бара жаткан кыз, Аруу сезим жараткан кыз. Тамылжыган таң нурундай, Талантынын таңы аткан кыз. Алматыга бара жаткан кыз. Ала Тоо асман тиреп карап турат, Эки элдин өнөрүнөн алып кубат. Токтогул, Курмангазы аталардын, Жолунда жүрсөк экен өнөр улап. Алматыга бара жаткан кыз, Аруу сезим жараткан кыз. Тамылжыган таң нурундай, Талантынын таңы аткан кыз. Алматыга бара жаткан кыз.