Агайынды жаман деп' туганды кайдан табасын? Қырғызды Қазақтай көрем' Қазақты Қырғыздың биртуган егизи деп билем! Ассалаумагалейкум Биртуган Қырғызым! бир Атадан туган Еки ел тыныш Болсын!🇰🇿🇰🇬🇰🇿🇰🇬
Ущу ырды уксам эле озум жондо ырдап жаткандай жаман касиетерим баары ушу ырда айтылгандай кээде мага ушул ырда адамдардын баарында аста коп болгон касиеттер айтылгандай сезилет))
Роза эже сиздин унунуз укмуш сиздей ырдаган Кыргыздын кыздары чыгабы же жыртык шымын кийип албарсты мени басты деп ырдайбы унунузго тазим омурунуз узун болсун мен сизди сыйлайм уйбулом менен
Роза аманова мыкты ырчы кыргыз Эли сыйлайт Коро албагандар ар созду суйлой берет жеке жашоосуна сын койгондорго айтар элем ар пенде бешенесине жазган жашоону корот ошол жашоону роза эжебизге жазып койгондур мейли экинчи турмуш болсо да биринчиси жетпесе кадырына экинчиси жетип жашап атат бар болунуз дайыма жакшы жакшы чыгармаларды элге тартуулап журо бериниз
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын, Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын, Издеп жүргөн бейишим таманында апанын. Азаматты эр кылган бата болот турбайбы, Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы, Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы. Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы, Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы. Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат, Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат, Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат. Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы, Агасына иниси жөлөк болот турбайбы. Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы, Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы, Карыганда неберең эрмек болот турбайбы. Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал, Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал. Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал. Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы, Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы. Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы, Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы. Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы, Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы. Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы, Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.