Рыспай Абдыкадыровдун обондору - Ааламдын музыка сферасынын сузуп алынган Сүйүү симфониясы катары, доор жаңырып, элдин эстетикалык табити өскөн сайын улам демдүү-күчтүү сезилүүдө! Ошол обондордо сезим сырлары уккан сайын улам тереңдеп ачылып, адамдардын көңүл кушун бийиктетип келет. Ал эми Рыспай ырчынын үн-авазы - кубаты жагынан теңдешсиз, таптаза Бейиш доошундай таасир калтырат. Бул киши - кайталангыс болуп бир жаралган гений экен да!