РыспайАбдыкадыров #Ретроыр #80х90жылдар
Сөзү: Б. Абакировдуку
Обону: Р.Абдыкадыровдуку
Тартылып көзгө элесиң,
Жанга күч-кубат бересин.
Киндик кан тамган өскөн жер,
Экинчи мага энесиң,
Өз энем берсе ак сүтүн,
Жер энем берди алп күчүн,
Төрөлүп алып өзүңдөн,
Баратам алга бакты үчүн.
Алтын го мага карааның,
Менде көп сенин аларын.
Жүрөктү сууруп берсем да,
Билбеймин сага жарарым.
Арзыбайт сага билемин,
Көөдөндө соккон жүрөгүм.
Албасан дагы сага арнап,
Сендик деп аны жүрөмүн.
21 сен 2024