Бир сабыр баатыры десек, эң башта пайгамбарлардан Аз.Аюб (ас) эсиңиздерге түшүүсү мүмкүн. “Сахабалардан ким?” деп сурасак, балким билбешиңиз толук ыктмал. Андыктан жообун да өзүбүз айтайлы ал Аз.Али.
Халифа болуп турган кезинде түрдүү түрдүү машакаттарга чыдап, халифалыктын эң өткөөл заманында үммөттүн жүгүн аркалаган зат. Илимдин эшиги болуп, илимсиз, түркөйлөр менен күрөшкөн жигит. Сегиз адам көтөрө албаган чептин дарбазасын, колуна алып калкан кылган баатыр. Халифалык доорунда да сегиз эмес, сегиз жүз киши көтөрө албай турган бир жүктү жүрөгүндө көтөрүп жүргөн сахабалардын Аюбу. Жемал, Сыффын, Нехваран ич ара согуштарынын солкулдабас каарманы-Аз.Али. Бүгүн биз сөз бергенибиздей Исламияттын асманын кара булуттай каптаган ошол кара күндөрдү айтуу менен темабызды улантабыз.
13 май 2023