Дайралар агып көл болду ата, Талаалар кургап чөл болду ата. Калтырып кетип журтунду эрте, Үйүбүз ээсиз төр болду ата! Сагынып барсам өзүн жок ата, Кайраты күчтүү көзүн жок ата. Насаатын айтып ак жолго салган, Күч кубат берген сөзүн жок ата! Атасын ар ким сагынаар ата, Атасы бардын багы бар ата. Үшүгөн кезде турмушум сууктап, Өзүнүз жоксуз жабынаар aта Унутуп сизди койбосмун ата, Сизчелик инсан болбосмун ата. Жоолуксам эгер дагы бир жолу, Жытына такыр тойбосмун ата.😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢
Тан эрте туруп эле Жумушка кеткен элем Эстесем ооруй бере жүрөгүм менин денем Алыста жүргөн бала сагынып ата-энесин Айылга кирген кезди сагынып күткөн эле Жанымда дос балдарым тынчы жок ары бери Не болду айтчы десем унчукпай жакшы деди Аңгыча шыңгырады чөнтөктө телефонум Шашылып ача калсам атакең кетти деди Ойлорду кара басып жаш кетти туруп калдым Элеси атакемдин карасам булуттарды Ишенгим келбейт такыр балким бул түшпү баары Айылда бооз үй ачты мен үчүн чындыктарды Айылга кирип бардым Көздөрүм ыйга толуп атакем тиккен гүлдөр калыптыр үшүп соолуп Ата мен келет элем билгенде өмүр жолун Кечирчи ата мени билбедим эртен жогун Сагындым балам деген сөзүңдү Сагындым ата мээрим көзүңдү Сагындым учкул айткан сөзүңдү Сагындыым, саагындыым. 2
Жигиттер, атасы барлар ата эненерди сыйлап калгыла, "уулум, балам" деген созду угуп турсанар силер эн бактылуу эн кучтуу адамсынар силерди эч нерсе сындыра албайт.. Ишенип койгула жигиттер
Там менен апам ажырашыканда мен 2 эле жашта элем арыр 10домун апам 9 жашымда уйлонгон 4 жыл айылда тайкем менен жашадык 4 жыл шаарда анан апам уйлонуп бактылуумун .ырды угуп аябай жаман болдум . Кичинекейимде апам уйдон кетип калган чемоданды таап алдым атамдын онун эстей албай ошол жерден Бир сурот таап алдым ал жерде апамдын суроту атамдыкын Тарпан жокмун атамды азыр коргум келет😭😭😭😭😭