Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала -Тоо, Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала -Тоо. Аркар, кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала -Тоо, Ак-куу сүзүп калкыган, көлүң сонун Ала -Тоо. Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала -Тоо, Эгемендүү жерине, кечи болгон Ала -Тоо. Каркырадай жебесин созо жүрөт Ала -Тоо, Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала -Тоо. Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан, Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган. Карегимди толтуруп карай берем кайрадан, Кагылайын Ала -Тоо, караныңдан айланам
... эн сонун Сагыныч!!! Бул ырын эми мыкты чеберчилик менен ырдалган туболуктуу ырга айланды!! Азаматсын!!! Ырга Жан бериптирсин... Терен ишеничим менен Турусбек Жумалиев..,,
👍👍👍👍... САГЫНЫЧ СЕН ЫРДЫН МҮНӨЗҮН... ЖЕРГЕ БОЛГОН СҮЙҮҮНҮ... КУСАЛЫКТЫ... АЛА-ТООНУН КООЗДУГУН, СУЛУУЛУГУН СОНУН БЕРГЕНСИҢ!!! АЗАМАТСЫҢ!!! УСТАТЫҢ КР. ЭЛ АРТИСТИ ТУРУСБЕК ЖУМАЛИЕВ..✊✊✊