Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында «Казакстан гарыш сапары» Улуттук космос борборуна барды. Ал жакта Казакстандын космостук жетишкендиктери жана космостук аппараттарды чогултуу-сыноо комплексинин ишин көрдү. Казак адистери космостук мониторинг жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. Космостук аппараттарды жасоо этаптары жана даярдалган тетиктердин үлгүлөрү менен тааныштырды. Мындан тышкары, Президент жана расмий делегациянын мүчөлөрү космоско жөнөтүлгөнгө чейин спутниктерди сыноо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан аймактарды карап чыгышты. Борборго барганында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов коштоп жүрдү. Анда эки өлкөнүн космос тармагындагы өнөктөштүгүнө да көңүл бурулду.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
RU-vid (УТРК) - / @utrkkgchannel
Instagram - utrk_live?...
Телеграм - t.me/ktrk_live
18 апр 2024