Кайрадан козгоп жүрөктү, Алоолоп күйүп турат махабат. Армандуу даалай күн өттү, Кайра эле кантип сүйүү жаралат? Кайырма: Ойготуп сезимди, оюмду ээледиң сен, Ойлонтуп күн-түнү жүрөктүн дартын сезген. Адашып сүйүүдөн абайлап калганмын мен, Ой басып жүргөндө, сен мени алдаба! Махабат болду арманым, Сүйүүдөн көңүл калып баратат. Алдаба байкап каламын, Көздөрүң бирок үмүт жаратат. Кайырма: