Ээрчишип экөөбүз жаздагы таңда, Чачтарың сеңселип жазгы шамалга. Жылмайган жүзүңдөн жылдыз жанганда, Сага ашык болгонумду ыйлап эңседим. Сенден алыс жалгыздыктан азап тартканда, Майда, майда басканыңды ыйлап эстедим. Кайырма: Эстедим, эстедим Сагынып сени эстедим. Эстедим, эстедим Сагынып сени эстедим. Күн өтүп, ай өтүп, алмашты жылдар, Жылдардын арасында кайгы-муңу бар. Ортобузга нөшөрлөп жааган аппак кар, Жазды эңсеп ыйлаарыңды жаным эстедим. Кусалыкта жанчыламын сыздап муңкана Башкага жар болгонуңду ыйлап эстедим. Кайырма: Элестеп ар дайым ошол сезимди, От болуп удургуйт назик көңүлдө. Жүрөктө айыкпаган арман, кайгылар, Ал бактылуу күндөрүмдү сыздап эстедим. Сынды сүйүү күзгүлөрү, сынды махабат, Жараланган жүрөгүмдү тыңшап эстедим. Кайырма: