САЛАМ САГА САНЖЫРГАЛУУ НООРУЗУМ!!!
№32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-а класстын окуучуларына "Салам сага санжыргалуу Ноорузум" деген темада тарбиялык саат өтүлдү.
Бул сабакта:
1. Окуучулар ата-бабадан мурас катары өтүп, ушул күнгө келип жеткен Нооруз майрамы тууралуу түшүнүк алып, Майрамда сөзсүз түрдө сүмөлөк кайнатылаарын билишет.
2. Ыймандуулукка, адептүүлүккө, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин сезе билүүгө, улуу муундарды сыйлай билүүгө тарбияланышат.
3. Окуучулар чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт.
Баарыңыздарды келе жаткан НООРУЗ МАЙРАМЫ менен куттуктайбыз!!!
#ЦентрподдержкиСМИ
#mediasabak2024
#mediaburch2024
5 сен 2024