#Салидинас #ИльязАбдразаков #Арманым
Музыка Мыктыбек Нурланбеков
Клипмейкер Улан Шеркулов
Түнү бою уктабастан ойго батам,
Көз ирмебей сен жөнөндө ойлоп жатам.
Кете бердиң кайрылбай,
Жок сүйүүгө арбалып,
Калдым мен жалгыз, күн өтөт сансыз,
Жок үмүткө алданып, ардагым.
Кайырма:
Жашаймын жан дүйнөм ооруп,
Сагыныч жүрөккө толуп,
Көңүлүм ачылбаган муздак түн болуп.
Күндөрүм күнгө окшошпой,
Күттүрүп кеттиң коштошпой,
Саргайып жүрөгүмдө толду арманым.
Сенин эми жүрөгүңдө башка адам, билем,
Билсем дагы мен баары бир өзүңдү эңсейм.
Жашоомдун кызыгы белең,
Сүйүмдүн жылдызы элең.
Түшүнбөйм жаным, ишенбейм жаным,
Кеткениңе адашып, арманым
8 окт 2021