Жүрөк эргип кагылып, Санаа жеткис жанылык. Кирип келет аздан соң , Жаңы жылым жаңырып, Жаңы бакыт агылып. Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен, Жаңы Жылды тосолу! Жаштар дагы карылар, Кубангыла баарыңар. Жаңы Жылдын айрыкча, Айтып бүткүс жагы бар, Айтып бүткүс жагы бар. Биз да добуш кошолу, Күлкү менен шат менен, Жаңы Жылды тосолу! Алгыла ыр кесени, Азыр ырдын кезеги. Соолубасын өмүрлөр, Соо жүрөлү дешели, Соо жүрөлү дешели. Биз да добуш кошолу, үндү бийик созолу, Жаңы Жылды тосолу. Биз да добуш кошолу, үндү бийик созолу, Жаңы Жылды тосолу. Жаңы Жылды тосолу!
Баарыныздардын кирип келе жаткан жаны жылыныздар менен куттуктайм уйунуздорго кут береке алып келген жылдардан болсун баласы жокторго кудайым бала берсин ар бир үйдө наристе үнү жаңырып турсун дагы бир жолу кирип келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайм
Бул ырды биринчи Каныкей Эралиева ырдаган болчы бул ыр жаны жылдын ГИМНИ БОЛУП КАЛДЫ Эл ичи онор кенчи дегендей жаштардан чыга берет экен эми минтип Самара кызыбыз 3,4 жылдан бери ырдап жатат мага да Самаранын уну абдан жагат Аэаматсын