Сөзү: Жыпара Исабаева
Обону: Съездбек Искеналиев
Режиссер: Александр Белов
Кастинг: Самат Долотбаков
---
Ал күнү сенин, добушуң болчу дилдирек,
Сүйүүдөн бекен, сүрдөдүң бекен, ким билет?
Арзыдым десем, албырып жүзүң от болуп,
Асман да, ай да, аярлай калган токтолуп
Жалжылдап жайнап, жалт карап,
Жалт карап алган көздөрүң
Жаныма жакын, жагымдуу болчу
Сөздөрүң, сөздөрүң
Санаага салбай, сагынбай,
Сагынбай такыр башканы
Сагындым сени, сагынтты мени
Жаз дагы, жаз дагы
Сүйөмүн дедиң, жүзүңдөн сүйдүм акырын,
Жүрөгүм туйлап, сүрдөдүм мен да, асылым
Сыдырым желге, саамайың учуп сеңселет,
Көздөрүң мага, сүйүүсүн айтат, эркелеп
-----
RU-vid каналыма катталыңыз - bit.ly/2lEYOXo
Instagram 'га катталыңыз - bit.ly/2nDPrrS
Менин башка каверлерим - bit.ly/379L7ml
Менин башка ырларым - bit.ly/2NsF1p6
Менин саякат-видеолорум - bit.ly/39GI9Hd
-----
Бул ырдын укуктары корголгон (с) SD Records (2016)
21 авг 2024