Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйын учурунда депутаттардын сунушунун негизинде мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда тең кабыл алынды.
Жыйын учурунда сөз алган депутат Мирлан Самыйкожо Тууда тартылган элементтердин мааниси тууралуу токтолуп айтып берди.
Ал белгилегендей, Туунун ортосунда тартылган түндүктүн үч чамгарагы болгонунун себебинде абдан чоң маани жатат.
Аны менен катар эле депутат туунун авторлорунан желектин түп нускасынын кайда экенин сурап, анын өрттөнүп кеткендиги тууралуу маалымат алды. Депута авторлордун мындай жообуна нааразы болду.
21 сен 2024