Молдо Нияз Эрназар уулу - кыргыздын чыгаан жазмачы акыны, ойчулу, философу, агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст - «Санаттар” аттуу кол китептердин автору.
1823-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак кыштагында туулуп, 1896-жылы дүйнөдөн кайткан.
Молдо Нияз өз доорунун билимдүү жана араб, фарси жана эски турк тилдеринде сүйлөй да, окуй да билген адамдарынан болгон. Тарыхчылар Т. Чороев менен Б. Урстанбековдун «Кыргыз тарыхы» деп аталган чакан энциклопедиялык сөздүктө жазышынча, Молдо Нияз «кыргыздын алгычкы жазгыч акындарынын бири» жана «Кашкар шаарындагы медреседен билим алган».
Молдо Нияздын дагы бир изилдөөчүсү жана жердеши акын Эгемберди Эрматовдун эл оозунан угушунча, анын ондон ашуун ыр китеби болгон.
Акын өз чыгармаларында өмүр-өлүм, адеп-ахлак, бейадепсиздик, жаманчылык-жакшылыкка байланыштуу турмуштук-философиялык темаларга, Кокон хандыгынын аймагындагы кыргыздар баштан кечирген тарыхый окуяларды чагылдырып, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу журт башылардын ишмердиги тууралуу маалымат берет.
«Молдо Нияз: Санат дигарстар» деген аталышта 1993-жылы жарык көргөн жыйнактагы ырлары тастыктагандай, акын Түндүк жана Түштүк кыргыздары байырлаган жерлерди, Кашкар, Бухара, Самарканд тарапты кыдырып чыккан.
16 фев 2022