Адатта жогорку эшелондогу шайлоо иштеринде ага катышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин агитатордордун кызматтарын пайдалануу менен алып барышат. Жакында бул жагдайдагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште бир канча депутаттар тобу тарабынан сунушталып, агитаторлордун эсебин иретке салуу сунушу көтөрүлгөн. Аны колдоп, чындап эле керек, -деген эл өкүлдөрү менен катар эле, эгер бул мазмундагы мыйзам долбоору көп добушка ээ болуп кетсе, калың калктын катмарында түшүндүрүү иштери аксап калаарын айтышкан кээ бир парламентарийлердин көз караштары да ортого салынган. Бул маселенин чоо-жайын түшүндүрүп, аталган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын өзгөртүүлөрүн иштеп чыгууга катышкан, демилгечи депутаттардын бири Султанбай Айжигитов "Парламент" радиосуна курган маегинде мыйзам долбоорунун түпкү мазмуну менен катар эле, жалпы шайлоо иштериндеги каржылоо системасынын өзөк тамырын илимий аспектиге салып, анализдеп берди.
"Парламент" радиосунун радиожыштыктары:
Бишкек - FM 90,2
Ош - FM 105,0
Баткен - FM 101,5
Жалал-Абад - FM 100,5
Каракол - FM 92,6
Нарын - FM 98,7
Талас - FM 90,3
Жумгал - FM 100,0
Кочкор - FM 105,9
Лейлек, Ноокат, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү - FM 101,4
Кара-Кулжа, Өзгөн - FM 107,7
Токтогул - FM 107,1
Тоң - FM 91,5
Студиянын түз телефондору: 0 312 63 85 90; 0555 63 85 90
#ЖогоркуКенеш #ПарламентРадиосу
#parlamentradio
23 май 2024