Аман бол балам унун сонун. МАЙРАНЫН ырлары сонун бут дагы чыгармаларын кутобуз балам ийгилик биз аксакал ата апаларга ушу сендей ырчыларды кутобуз ЭЛМИРДИН. да ырларын кутобуз..
Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң, Кадала түштү оттой карегим. Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби, Багып алгын деп сүйүү данегин. Сенин жанарың, селдей агамын, Сезим көлүнө чөгүп барамын. Сагынган кезде санап кадамың, Санаага түшсөң кайда барамын? Кабарың мага айтчы, карагым, Кусалык кысса кайдан табамын? Кучагым жазып тосуп аларым. Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө, Тунук сырларым толуп ичимде. Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп, Көчө кеземин элдин ичинде. Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң, Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң? Сени табам деп дүйнө кезгемин, Аппак таңдардан калбай коздорум. Сагынчымды кел таркат тез менин, Кажети да жок сенден өзгөнүн, Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин. Оюмдан чыкпайт ошол саламың, Оозун тырмадың бүткөн жаранын. Жарк эткен нурдан жалтана түштүң, Жалынга толо сезим жанарым. Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң, Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң? Сени табам деп дүйнө кезгемин, Аппак таңдардан калбай коздорум. Сагынчымды кел таркат тез менин, Кажети да жок сенден өзгөнүн, Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Кечире албайм. Майра Керим кызынын маркум Акжолтой Канатбек уулу кайсы бир тв га келип Сезим Жанарын өтө укмуш аткарган. Голосун бийик, бирде төмөн тон менен. Менимче Акжолтойго жетиш же андан ашыра ырдаш мүмкүн эмес. Ютубда бар көрсөңүз. Но бул жигит да Майра апабыздын улутун сыйлап, добра менен ырдаганы бир артыкчылык. Албетте ийгилик.
Токмо акындардын Майрам Керим кызын, Элмирбек Иманалиев аганын чыгармаларын ооздорунан тушурушбой, эскерип оздору да толкуп, элди да толкутуп коюшканы мага жагат, ийгилик каалайм Москва шаарынан Кыргыздар ососоциясынын мучосу дагы коптогон чыгармаларды кутом
Жаштыкта өткөн күндөргө бир кайрылдым,сезимди козгогон,жүрөк түпкүрүндөгү сүйүү кылдарын черткен ыр саптары❤,түпкүрдө жаткан бир сырларды козгодуго чиркин....
Аябай суйуп калдым балам озунду да ырынды да жан балам ырын мн жашап калдым...Ананайын сенден.60 жылдым жашоомду коз алдымдан тизмектеп откорот .Ананып кетейин.
Кутман айланайын иним таза акактай талантын бар экен унун аткарганын эн сонун эн бийик денгээлде сага ден соолук ,аманчылык чон-чон чыгармачылык ийгилик каалайм
Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң, Кадала түштү оттой карегим. Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби, Багып алгын деп сүйүү дарагын. Сезим жанарым, селдей агарым, Сезим көлүнө чөгүп барамын. Сагынган кезде санап кадамың, Санаага түшсөң кайдан табамын? Кабарың мага айтчы, карагым, Кусалык кысса кайдан табамын? Кучагым жазып тосуп аларым. Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө, Тунук сырларым толуп ичимде. Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп, Көчө кеземин элдин ичинде. Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң, Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң? Сени табам деп дүйнө кезгемин, Аппак таңдардан калбай издерим. Сагынчымды кел таркат тез менин, Кажети да жок анда өзгөнүн, Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин. Оюмдан чыкпайт ошол саламың, Оозун тырмадың бүткөн жаранын. Жарк эткен таңдан жалтана түштүң, Жалынга толо сезим жанарым. Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң, Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң? Сени табам деп дүйнө кезгемин, Аппак таңдардан калбай издерим. Сагынчымды кел таркат тез менин, Кажети да жок анда өзгөнүн, Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.