Аллахым Каныбек ака эки дуйнолук бакыт берсин той маарек болсун серени коргондой болдум 15 жыл жаштыгым середе откон рахмат сага Алмаз азыркы кезде тириликтин айынан рассянын Якутя шаарында бала бакыраларым менен эмгектенип журом Алмаз сага Аллахымдын нуру жагылсын🤲🤲🤲🤲🤲🤲
Жалал-Абад областынын Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун чек-арасы болгон Шайдан суусу ошол сууну бойлоп орун алган Шайдан ороону менен чыгышат Сере жайлоосуна, Илгертен ушул эки райондун малчылары жайлашат Сере жайлоосунда!
Азаматсын видеого тарткан жигит омурун узун болсун ден соолугун чын болсун,Сереге барып келгендей эле болдум.Тилегинерди Алла-Таала кабыл кылсын ким улак берип той откоргондорго.Сере аябай кооз жайлоо,абасын айтпа, мен дагы ошол жерде чонойгом азыр жашым 64 то.1982- жылы ,андан кийин 2018-жылы барып келдим.Мурунку убакта ат менен каттачуубуз, Кара-казык деген жеринен чыкчуубуз,Тоо-танар деген жеринен эс алып анан чыкчуубуз,Кара-казыктан чыкканда Онтомо деген жери бар,андан нары Сереге чейин ат менен 3,4 саат жол журчуубуз,Середе Ленен-Жол колхозу жайлачуу,Саз деген жеринде Москва колхоз жайлачуу,андан нары Кыз -Коргон деген жери бар эле азыркы мезгилде Пазыл отурат ал жерде,Таш короо,Баласан деген жерлери эсимде калган,Улар коп болот эле,Баласанда алма осот болчу,азыр жакшы машина бара турган болуп калды.Андан нары Коль "Купан-Ата" ал жерге коптогон эл зыярат кылып барчуу,кундо кой союлуп турчуу 4,5 жок дегенде.Арстанбап тараптан келсе дагы болот жол бар.Алла-Таалам ден-соолук омур берсин баарыбызга оомийин..
Бул жайлоо менин кичи мекеним Ноокен районунда Ушундай кооз жерлерибиз менен сыймыктанабыз Аман болгула жердештерим..... бул жерде сырдуу кол бар деп укканым бар Жана бул кол Меккеде айтылат дейт
Алыскы Москва шаарында жүрөм! Сереге басып келгендей эле болдум. Алмаз азаматсың, бакылдап элдин кызматында жүрөбер үкам!!! Улак берген Каныбек акеда, Аллах тан эмне сураса. Тилегин ой-тилектерин Аллах берсин.
Бул керемет жайлоо "Сере" жайлоосу. Жалал-Абад облусунун Ноокен р-н, Шайдан а/ө, Тоскоол-Ата токой чарбасы, жайыт комитети Ноокенге карайт. Майлуу суу жактан чыкканда Сары Бээден барып туташып, Сере, Кызыл-Үнкүр, Кен-Кол жайлооруна өтсө болот. Көл Кулпан-Атадан түндүкө карай Герей, Чон Герей аркылуу Кара-Көл шаарына чыкса болот. Фергана өрөөнүндө "Бабаш-Ата" кырка тоолорунун боорунда жайгашкан. Абасы таза, суусу мол, токойлору, жан-жаныбар, канаттулары, жапайы жаратылышы менен айырмаланып турат.
Ассолоому алейкум момун бир туугандар, эң сонун ушул улак берген баланын да кылган ихсандарын Аллахым өзү кабыл кылсын, Кыргызстаным кереметко видео өтө зор чыгыптыр, Алмаз ишине ийгилик элдин кызматында жүрө бер үкам 🤲
Ассалому Алекум урматтуу жамаат тынчсынарбы, Каныбек ака улак бериптирда аа жакшы,эл журт тынч болсун,аманчылык болсун. Менин балалыгым жайлоодо откөнго,ох ошол күндөр,азыр Москвада жүрөмго көптөн бери илгери Москва десе жомок сезилет эле.Сере,Кызкоргон.КөлГупан-Атта.Зындан,Герей жайлоолорунда чоңойуп өстүкко 30жаштан өткөнчө,мына барбагангада 20ж болуп калыптыр"убакыт учкан куш"экен.Эл журтка ыссык салам ☝👍✊👏
бул жерде илгери магазин болгон экен өтө соонун жер экен мен былтыр бир жума эс алып келдим ошол жерде кой бакан балдар менен бир күн ушул жерде жатык жакшы мейман кылышты анан өйдө чыгып кетик көлпөн атага биз майлуу суу жак менен чыктык бирге иштеген балдар менен зор жерлер экен
Ошол магазинди менин Туку деген авам иштетчу эле раматылык болуп кетти...ноокенде башы корунгон инсан эле .азырда балдары укалари ноокенде таныктуу адамдар Эшенкуловдор
Коментарийлерде копчулугу сурашыптыр автор жайлоонун атын жазаарда районунда жаза кетсен болмок экен....Ноокен району тоскоол ата токой чарбасында жайгашкан Сере жайлоосу.....
Европад мындай жерлерди бейишке айландырып таштайтко, а биздикилер жеп жуткандан башканы билишпейт, ошол учун да онукпойтта бизге окшогон мамлекеттер, туристерди тартып туристер аркылуу эле байып кетсе болот болчу Кыргызстан.
@@КубанычСамиев-т7й Мен Кочкорлук жедигер болом,Тубубуз Майлусуудан,Чечейбай датканын(Кан Четей)урпагыбыз,Асандар уругунанбыз. Силер жактагы туугандар жөнүндө билгим келет. Мага жазып турчу тууганым?
Айнанайын салтындан кыргыз элим!!Кудаяр хандын уулу Насирдин хан дагы Аксыга ушинтип чабулак кылып торпок оноруп чаап кирип келген экен.Кыргыздын улуу салты.
Салам алейкум Замир укам кыргызча ыр койчу, мекен жонундо обончуларга заказ берип койсон эшигиндин алдына алып келип берет.Кайдагы грузиндердин ырын койбой.
@@Baatyr840 Ин. Алла андай машиналар барат , негизи машина 4 wd асты бийигирээк болсо жакшы . Тоолуу жерди өзүң билесиң асфальт эмес, августун 10- 20 числосуна чейин сезон жакшы, андан кийин суук түшүп калат , азыркы убакта барыш керек, жайлоонун жогору жагында Көл Кутман деген көлү бар, барып калсан арман кылбайсын, элдер сыйына турган ширк кылып алган, бирок ниетти түздөп Алланын жараткан кооз жерлерин көрүп келем десең ин. Алла ошол туура болот.
Мындай жайлоо, кооз, жерлер, керемет зангыраган тоолор, сырдуу ыйык колдор кутман, Кыргызстаныбызда, ото коп туугандар.. Жерибизди кадырына. жетип, ачкоздор саткындардын кыйратуусунан. сактайлы. Ошол эле Ноокенде кооз Казал Мазар деген, тоону ошол, эле райондон чыккан бир чала сабат депутат туугандары менен мраморун алуу, учун талкалап, сатып жиберген. Натыйжада, ошол. коктудан. агып, тушкон дарыя. арык болуп, суу. азайды. Нары. жагында жерине. болгон. суйуу, сый. жок, болсо ушул экен да. Бир акыл ан, "Нары жагында жок болсо, алтын дан чепкен кийсен да, айгайлап ураан которуп, жылтырап жузун корсотуп, алдаганын курусун" деген экен.
Бул жайлоо өтө эле алыс жол татаал строй материал жеткирүү өтө кыйын барып келген адам билет Ноокенге барып анданТоскоол ата аркылуу барылат алла жол берсе барып келсеңер болот Акылдын номерин алышыңар керек тарткан бала өмүрүңө береке берсин көз тийбесин
Ал жэрде арча менен карагайды кыркканга болбойт ал уй илгери колхоз совхоз кезинде жайында магазин болчу раматылык Туку аяш атабыз курдурган болчу ал киши кочмо магазин (автолапка) минчу ошол магазин жайгашкан жэр дубана мазар деп койот
Кайсыл ишти айтып жатасын бул жэрде жонокой эле элдин арасынан чыккан Каныбек балбан элге аш берип балдарына элдин батасын алып берип жатат жумурткадан кыр издебечи бул деген ата бабадан калган салт