Урматтуу көрүүчү! Каналга жазылып, ой-пикириңиз менен бөлүшүңүз! Досторуңуздар менен бөлүшкөнү унутпагыла! Жакында жаңы видеолор чыгат!
Байланышуу телефону: 0702168428
Советбек Урманбетов - Мажүрүм тал
(Сөзү: Мээркан Токсобаева
обону: Советбек Урманбетов)
Жаз жаңыдан жаркып келген
Сирень гүлүн ача элек,
Мажүрүм тал жапжаш эле,
Биз да талдай жаш элек.
Сүйүү нуру чачылгандай
Турган сирень гүлү өнүп,
Тагдыр кошпой турам жалгыз
Карт даракка жөлөнүп.
Каркыралар учуп өтөт,
Катарлары бузулбай,
А биз неге айрылыштык,
Балким тагдыр ушундай.
Көздөрүнөн оту жанып,
Жаштар өтсө топтошуп,
Махабатым унутулат,
Карт даракка окшошуп.
Карт дарактын бутагына
Кар бүртүгү келет деп,
Биз өткөргөн алтын күндөр,
Кайра баштан элестеп.
Жаз жаңыдан жаркып келген
Сирень гүлүн ача элек,
Мажүрүм тал жапжаш эле,
Биз да талдай жаш элек.
4 дек 2021