Жарым миллионго чукул чечен жана ингуштардын куугун-сүргүнгө кабылып, Кавказдан Борбор Азияга күч менен көчүрүлгөнүнө 80 жыл болду. Кыш чилдесинде жүк тарткан вагондор менен жолдо бөөдө кырылып, азап-тозок менен жеткен ошондогу элдин учурда Кыргызстанда эки миңдей урпагы жашайт. Улуттук трагедияга айланган бул окуяны алар жыл сайын 23-февралда “аза күтүү жана ата бабаларды эскерүү” күнү катары белгилешет. “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышы Кыргызстанда жашаган чечендердин жашоосун көрсөтөт.
#чечен #данисте #сталин #ингуш #ссср
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus
21 сен 2024