2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда манас айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетип, 30 бала жабыр тартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сегиз бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Маалыматка караганда, жабыркагандардын жашы 9-16 жашта. Учурда Сузак аймактык ооруканасына 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Абалдары орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн
1 май 2024