текст:
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
автор: Асанкалый Керимбаев
аткаруучу: Эрлан Салбаров
Эрлан Салбаровго тийиштүү ссылкалар:
/ erlansalbar. .
ru-vid.com/show-UCwOT...
Салам достор!
Биздин "БАЙ БОЛ" RU-vid каналына катталып, конгуроочону баскан болсоңуз? анда сиз биздин каналга жарыяланган видеолорду эң биринчилерден болуп көрө алат экенсиз. Демек сизден колдоо таптык. А биз болсо аракеттин үстүндөбүз. Рахмат!
байланыш номер: 0706600670
12 ноя 2022