Тумчугуп жашоом туман Чыйрыгып көзүм жумам Туңгуюк бул жашоодон Түгөндү такыр аргам Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Жубайым эркелетип, боорума кыскым келет Арданам арданамын Неге артта кармалганмын Жаш кездеменин деле Жакшы эле самаганым Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Ата-энем күнөөлөбөйм Чалынган тагдырыма Башынан баарын баштайм Буюрса баары алдыда Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам, үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, закымдап сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Тажадым бул чөйрөдөн адам болгум келет
Аракты токтоткула тугандар бул арак тубубузго жетет мен дагы оой деп койчумун Бир кундо кырсыктап арактан баспай жатам эртен кеч болуп калат бугун токтотуш керек!!!
Эх ошондогу жашоо бала кезде атам дагы коп ичет эле Апам дагы коп нерсеге чыдачы экен Азыркы аялдар кичине кыйкырып койсон эле ыйлашат кетем деп коркутушат
Ассалому алейкум,кыргыз элим, Ассалому алейкум сыймык байке мен сиздин ырларынызды кичинемден угам сыйлайм,менде бир сураныч бар эле бул ырдын килибин башкача тартсаныз жакшы болмок мен ак суу районунан отуз уул айылынан болом