Айланасын тоолор курчаган, Кайда жүрсөм эстен чыкпаган. Биздин айыл жердин сулуусу, Жылда барсам, жылда суктанам. Кайырма: Биздин айыл - биздин сүйүүбүз, Береке көп, толо үйүбүз. Айланайын, менин айылым, Түбөлүк сага калат сүйүүбүз. Шылдыраса тоонун булагы, Көңүлүмдүн канат кумары. Ыйык туткан биздин айылдын, Өчпөсө экен дайым чырагы. Кайырма: Ыйыктыгың сенин билемин, Дайым таза сага тилегим. Алыс жакта иштеп жүрсөм да, Сен деп согот дайым жүрөгүм.