#ЫдырысИсаков, #Баткен, #Кайрылман
_____________________________________________________
Жыл башынан бери 2253 адам кыргыз жарандыгын кабыл алды деп мактанып атабыз. Бул көрүнүштү биздин бийлик жетишкендиктин белгиси катары көрсөткөнгө аракет кылып атат.
Бирок, Тажикстандын Баткен менен чектеш жеринде Жийделик деген кыргыз айыл бар. Мен уккан маалымат боюнча ал айылдагы ар бир 10 үйдүн жетөө бош жатат. Андагы кыргыз тектүүлөр тажик бийлигинин кысымына чыдабай Кыргызстанга качып чыга беришкен.
Кыргыз тектүүлөрдү кысымга алуу, ар кандай шылтоолор менен басмырлоо азыр Мургаб районунда да уланып атат. Тажикстандагы жарандык согуш учурунда качпаган, үй-жайын, ата конушун таштабаган кыргыздар тажик бийлигинин тынч мезгилдеги саясий кысымга чыдай алышпады.
Ошентип, азыр айрыкча Тажикстандан келген кыргыздар өсүп атат. Бул сан тажик бийлигинин кыргыз тектүүлөрдү кысып атканын гана далилдейт. Тажикстандык кыргыздардын Кыргызстанга кайтышы жакшы көрүнүш эмес. Тажикстандын бул саясаты ТАЗАЛОО деп эле аталыш керек.
Кыргыз бийлиги ошол Тажикстандагы, Өзбекстандагы, Кытайдагы кыргыздардын ал-абалын сурап, төркүндүк, Ата-Журттук милдетти да унутпай аткара жүрсөк болор эле.
Менин ишмердүүлүгүмдү колдоону каалагандар үчүн 🔽
Элсом: 0 (550) 504-555
MegaPay: 0 (550) 504-555
МBank: 996 (550) 504-555
Demir Bank сом: 1180 0000 3979 9007
Demir Bank доллар:1180 0000 7451 9852
Demir Bank евро:1180 0001 7376 8737
Патреон: / ydyrysisakov
1 апр 2022