Ал күндү жүрөм унутпайм Атыңды атайм угузбай Аярлап күндү кечирип Асмандай аппак булуттай Көрө албас көздөр бизге деп Көп сөздү айтар тизмелеп Көп тилеп ичтен тымызын Көз тийбесин экен сизге эле Жабыркап ондон азармын Жан сырым ичке катарын Жараткан жарган дүйнөдө Жалгыз сиз үчүн жашармын Ансыз да өмүр азайят Аз чыгар сиздей аялзат Насият болуп түбөлүк Нарындан тапкан махабат